Кылмыштык топ уюштуруп, опузалап жана адам уурдагандыгы үчүн уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин оперативдүү катоосунда турган жана бир канча жолу соттолгон, 1981-жылы туулган Ш. А. аттуу жаран (каймана аты “Протез”) Чүйдүн жайыттарынын биринен кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Жогорку соттун 2014-жылкы чечиминин негизинде, кармалган жаран Мамлекеттик ЖААКтын 8-абагына мурда жасаган кылмышы үчүн толук өтөй элек жазасын өтөө үчүн жайгаштырылган.
Ага 2011-жылы сот 14-жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган деген маалымат такталууда. Азыркы учурда Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы кармалган жарандын дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин тактап жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ