Menu

Жогорку Кеңеште депутаттар дааватка тыюу салууну колдошту

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары республикада коомдо диний радикалдашуунун  жанданышы жаштардын чет өлкөгө барып жана диний билим алууга умтулуусу менен байланышкан. Негизинен жаштар Сауд Арабиясына, Египет, Турция, Пакистан, Афганистан, Индия жана Иран өлкөлөрүндөгү диний окуу жайларына билим алганы кетип жатышат. Өзгөчө диний билим алуу үчүн 9-14 жаштагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн диний билим алуу үчүн кетип жатканы  тынчсызданууну жаратат. Ошону менен бирге эле, чет өлкөгө кетип жаткан жаш адамдар тууралуу мамлекеттин тиешелүү маалыматынын жана көзөмөлүнүн жоктугу өлкөнүн улуттук коопсуздугуна терс таасирин тийгизет.  Мындай маселе Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 29-майдагы жыйынында каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Тактай келгенде ал – «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр. Анын маанисин түшүндүрүп, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору З. Эргешов маалымат берди.

Баяндамачы өз сөзүндө, – ” Кыргыз мамлекетинин коопсуздугунун бирден бир факторун түзгөн диний билим алуу менен байланышкан маселени жөнгө салууда мыйзам долбоорунунун 6-беренесинде каралган диний билим берүү системасын ирээтке келтирүү максатында өзгөртүүлөр киргизилди, эми диний билим берүү милдеттүү түрдө лицензиялоонун негизинде жүргүзүлөт жана тиешелүү түрдө жалпы билим  берүү дисциплиналары каралган диний билим берүү программалары мыйзамга каршы келүүчү радикалдык көз караштар жана чакырыктар жок экендиги тастыкталгандан кийин дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылат. Ошондой эле, өлкөдөн сырткары билим алуу өлкө ичинде жалпы орто билим алгандан кийин же негизги жалпы же болбосо  диний билим алгандан кийин гана дин иштери боюнча мамлекеттик органга билдирүү менен кетүү каралган”,- дейт.

Ошондой эле 4-беренеге диний символдорду жана  диний мүнөздөгү мүлктөрдү жок кылуу боюнча жазык жана административдик мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу  боюнча өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгын да кошумчалаган баяндамачы, – ” 22-берененин 1-бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилип, анда диний уюмдар кыргыз Республикасынын аймагына ар кандай диний адабияттарды жана башка угуу көрүү материалдарын өзүлөрүнүн муктаждыктарына жараша киргизсе болору белгиленет. Ошондой эле берене жаңы абзац менен толукталган анда диний адабияттарды жана башка материалдарды чыгарып кетүү жана алып келүү жана аларды сатып алуу КР Өкмөтүнүн жобосуна ылайык болоору каралган, ал жобо ушул мыйзамды кабыл алгандан кийин иштелип чыгып кабыл алынаары пландалууда”,- деди.

Депутат Тазабек Икрамов мыйзам чийки экендигин айтып, мыйзам долбоорун артка кайтаруу сунушун берди.

Депутат Алмазбек Токторов дагы мыйзам долбоорунун кайрадан иштелип чыгышын демилгелеген депутаттардын пикирине кошуларын айтып, ошол эле мезгилде даваатка тыюу салына турган болсо анын ордун толуктай турган кандай багыттар бар экендигине кызыкты.

Өкмөт диний маалыматтарды элге так түшүндүрүү иштеринде алсыздык кылып жаткандыгын сынга алган депутат Рыскелди Момбеков болду.

Ал эми белгилүү теолог Кадыр Маликов, – “Перс булуңундагы мамлекеттерге каралган визасыз эрежелер тууралуу” мыйзам инвесторлорду тартпай эле, Сауд Аравиясынан, Кувейт менен Катардан келип жаткан туристтердин арасында шейхтерге кеңири жол ачты. Алар жөн келбей, ваххабисттерди даярдай турган Медина институтуна квоталарды ала келип, жаштарыбызды ошол тарапка үндөп жатышат”,- дейт.

Талкууда ар кыл пикирлер айтылып, мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясы жактырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: