Menu

Ашхабад тургундарына соода борборлорунда соода кылууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Ашхабад тургундарына эки ири соода борборунда соода кылууга жана андагы кафе, ресторандардын кызматтарын пайдаланууга тыюу салынды.

«Азаттыктык» түркмөн кызматынын булактары кабарлашкандай, соода борборлоруна анда иштеген жумушчулардын гана кирүүсүнө уруксат берилүүдө. Мекеме кызматкерлеринин айтымдарында, дүкөндөрдө товарлардын бардык керектүү түрлөрү, анын ичинде акыркы кездери Ашхабадда сатууга тыюу салынган алкоголдук ичимдиктер дагы бар.

Андан сырткары Ашхабаддын тургундары аталган соода борборлорундагы ресторандардын кызматтарын да пайдалана алышпайт. Түркмөн өкмөтүндөгү булактын маалыматына караганда, алардын биринде Азиаданын 17 миң коногуна тамак берүү уюштурулат.

«Бул жакка германиялык жана италиялык ашпозчулар өз жардамчылары менен келишти. Алар 20 күндөн бери Азиаданын меймандарын тейлөөгө даярдык көрүп, жумушка керектүү жабдууларды орнотушту», – деди булак.

Соода борборлор Ашхабаддагы Олимпиадалык шаарчага жакын жайгашкан. 9 күндөн кийин V Азия оюндары башталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: