Кечээ, 12-июлдун кечинде Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында кыска мезгилде жаап өткөн жамгырдан улам, кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылынан тургуну 2016 –ж.т. (аты жөнү такталууда) жана 7 жаранды (аты жөнү такталууда) сел агызып, ӨКМ тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринен 6 адамдын (2 эркек, 4 аял киши) жансыз денелери табылып, сел калдыктарынан алынып чыгарылды, аты жөндөрү такталууда. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Калган 2 адамды издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок. Ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кеч киргендигине байланыштуу саат 01:25те издөө иштери убактылуу токтотулду, издөө иштери жана тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулду. 13-июль күнү эрте менен улантылат.
Кошумча маалымат берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ