Menu

«Ош базары» соода-рынок комплексинин аймагындагы өрттүн натыйжасында жабыркагандарга келтирилген зыянды баалоо боюнча Комиссиянын кеңешмеси өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетовдун катышуусунда 2018-жылдын 30-январында Бишкек шаарынын «Ош базары» соода-рынок комплексинде орун алган өрттүн натыйжасындагы зыянды баалоо боюнча Комиссиянын кеңешмеси болуп өттү.

Мындан мурда 2018-жылдын 12-февралында Бишкек шаардык мэриясынын Ленин райондук муниципалдык администрациясынын базасындагы Комиссиянын 2018-жылдын 5-февралдагы №1 Протоколун аткаруу иретинде «Ош базары» соода-рынок комплексинин аймагындагы өрттөн жабыркаган ишкерлердин документтери кабыл алынган.

Материалдык зыянды калыбына келтирүү жаатында көмөк көрсөтүү жөнүндө жалпысынан 150 адамдан арыз келип түшкөн, анын ичинен 135и –«Сейтек» базарынын ишкерлери («Сейтек» ЖЧК, директору Тойчубекова Ч. Ю.) жана 15 адамы – «Берекет Плюс» базарынын ишкерлери («Табрис-Мурас» ЖЧК, директору – Канжанов Н. Ж.). Белгилей кетсек, Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын сурамасы боюнча 2017-жылдын декабрь айынын соңунда «Сейтек» ЖЧК соодагерлеринин жалпы саны 96 адамды түзөөрү тууралуу маалымат берген.

МСК ар-бир ишкердин патентин тыкыр текшерүүдөн өткөрүүсүнөн соң,  74 ишкердин гана патенти болгондугу аныкталган. Мында реалдуу материалдык зыян тарткандыгын тастыктаган документтер тиркелген эмес.  Ошондой эле Социалдык Фондго төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес (2017-жылы).

74 ишкердин 32синин банктагы кредиттери бар жана суммасы 50 миң сомдон 2,1 млн.сомго дейре жетет. Жалпы суммасы 16 984 306 сомду түзөт.

Белгилей кетүүчү нерсе, 2018-жылдын 1-февралындагы №75 «Ош базары» соода-рынок комплексинин аймагындагы өрттүн натыйжасында жабыркаган КР ишкерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө» КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 11-пунктта көрсөтүлгөндөй, эгерде арыз берүүчүү Комиссия тууралуу Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын ишкердүүлүк субьектилерин каттоо жөнүндө күбөлүктү жана келтирилген зыян тууралуу тастыктаган документтерди тапшырбаса, арыз берүүчүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлбөйт.

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Элдар Абакировдун маалыматы угулуп жана талкууланган соң Кыргыз Республикасынын өрттөн жабыркаган ишкердүүлүк субьектилеринин тизмесин 74 субъекти иретинде бекитүү чечими кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына  Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө бекитилген тизмеге ылайык, соодагердин иштеген учурунан тарта 6 айга патент үчүн төлөмдү узартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизүүсү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасына мыйзам аркылуу бекитилген тартипте өрттүн натыйжасында жабыркаган имараттарды калыбына келтирүү үчүн документтерди кароону тездетүүдө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына соода-рынок комплекстеринин жетекчилерине өрткө каршы режимди көзөмөлдөөнү жүргүзүү үчүн обьекттин өрттөн куткаруу командаларын түзүүнү, ошондой эле кызматкерлерди өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө окутууну сунуштосу тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана финансы-кредиттик уюмдарга (макулдашуу боюнча) Комиссия аркылуу бекитилген тизмеге киргизилген Кыргыз Республикасынын жабыркаган ишкер субьектилеринин кредиттик карыздарын реструктуризациялоо жүргүзүүсү жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына 2018-жылдын 1-майына дейре маалымдоосу сунушталды.

Ошондой эле ишкер субьектилерине мүлктү өрттөн жана башка коркунучтардан өз учурунда камсыздоосу туурасында пикир айтылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: