Menu

Ташкентте өлтүрүлгөн кумса кылмышкер менен социалдык түйүндө таанышкан

Бөлүшүү:

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы 25 жаштагы кумса Шокир Шавкатовдун өлүмү тууралуу маалымат таратты.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, ал бул кылмышка шектүү катары кармалган Ташкенттин тургуну менен социалдык түйүндөрдүн биринде таанышкан.

«Ал Шавкатовдун батирине 11-сентябрда кечинде барган. Анда алардын ортосунда жаңжал чыгып, Шокирдин мойнуна жана колуна бир нече жолу бычак сайылган. 12-сентябрда эртең менен коңшуларынын бири эшигиндеги кандын тактарын байкап, батирдин ээсин чакырган. Алар үйдүн ичинен Шокирдин сөөгүн тапкандан кийин милиция келген. Батирди кароо маалында интимдик байланыштын издери табылган», —деп жазылган башкармалыктын билдирүүсүндө.

Шавкатовдун өлүмүнө шектүү катары баш калаанын Алмазар районунун 28 жаштагы жумушсуз тургуну кармалган. Юнусабад райондук прокуратурасынын кызматкери бул кылмыш боюнча «Атайлап киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Шавкатов өлөрүнөн бир күн мурун «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу кумса экенин ачык айтып чыккан. Анын досунун ырасташынча, маркум ошол күнү сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү чогулган түнкү клубга барган. Ал жерден 40 жаштагы эки адам келип, Шокир Шавкатовду алып кетишкен. Эртеси күнү анын мууздалган сөөгү Ташкенттеги батирлердин биринен табылган.

Өзбек ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү Шавкатовдун өлүмүн аларды «коркутуу» деп эсептей тургандыктарын билдиришти.

Өзбекстан бир жыныстуулардын мамилесине мыйзамдуу түрдө тыюу салган саналуу мамлекеттердин катарында. 2018-жылдын апрелинде БУУ ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын сактоо боюнча 11 сунуш киргизип, Ташкент аны кабыл алган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: