Menu

Атамбаевдин арзыматтары: “Мандикер жазмакерлери” аталган Тилек Рыскулов менен Каныбек Сапаровдун чыныгы жүзү…

Бөлүшүү:

Тилек Рыскуловдун “Фабула”, Каныбек Сапаровдун “Багыт” гезиттери аркылуу мага берген жообун окуп, алардын чыныгы жүзүн, калемгерлик дареметин, дэңгээлин көрдүм. Атамбаевдин короосунда чынжыр менен байланган эки “эшик ырчысы” кабанак итчесинен мага аябай үрүшүптүр. Үндөрү чыкпай калганча үрө беришсин. Мен бир топ журналисттерди көргөнмүн, алардын жазгандарын окуп да жүрөм, бирок мынчалык “тупой”, деңгээли төмөн редакторлорду көргөн эмесмин. Өз макаласына тема коё албай, менин жазганыман плагиаттык кылганына не дейсиң? Баш теманы да коё алышпайт. Кайран журналистика, ушуларды батырган. Жазган макалаларында эмнени айтайын деген ойлоруна, максаттарына түшүнө албадым. Фарит менен Алмаз Үсөновго окшогон “жугунду куюп берген” кожоюндарына, көчүктөрүн такап үрүп жатышканын гана байкадым. Алмаз Үсөнов кечээ эле Бакиевдин короосунда шыйпаңдап кызмат кылып жүргөнүн көргөнбүз. Бүгүн болсо Атамбаев жаш Алмаздын көзүн тостойто койгонуна карабастан АШАнын короосунда “шыйпаңдап” жүрөт. Тилек менен Каныбектин устаты ушул Алмаз деген “пысмык” экени да белгилүү. Жашынып жатып алып кыргызды бөлүп жарып жаткан ошол жашабагыр. Ошондуктан, булардын жазгандарында журналистика деген жок, жөн эле каралоо, боктоо гана турат. Бирдемелерди жазымыш, айтымыш болуп, дөрүгөн деңгээлден көтөрүлө алышпаптыр. Болгон деңгээлиңер ушул болсо эмне кылалы? Редактор сөрөй эмес, жаңыдан журналистикага аралашкан калемгер да мындан кыйла жогору жазмак. Ушинтип да макала жазабы…

Мени сындайм, каралайм деп отурушуп, бечара жазмакерлер болгон кудуретин, болгон деңгээлин көрсөтүп алыптыр. Баш-этеги жок бирдемелерди жазымыш болуптур. Баягы эле кыргыздын канын төккөн Бакиев, Текебаев, Атамбаев, трайбалист темалары. Бул ашмалтайы чыккан суроолорго ММКда мен көп ирет жооп бердим. Бакиевден үй алгандар, кызмат алгандар Кыргызстанда толтура. Мен деле ошолордун катарында белекке машина алганмын. Бул жаңылык деле эмес. Ал нерселер канча ирет жазылган, жаңылык деле болбой калган нерсе. Силер кошомат кылып байдын кызындай айга-күнгө теңеген Атамбаев деле бийлик менен оппозицияга көпүрө боло коём деп, өзүнүн Арашандык жердеши Азим Исабековдун премьер-министрлик кызматын тартып алган. Жүздөгөн жылдар мурун Атамбаевдин аталары качып келгенде Азим Исабековдун аталары Арашанга батырып алышкан экен. Атамбаевди да Бакиевчи деп жазгыла. Президент эмес, өкүл аталары аркылуу башкы редакторлук кызматты алган эргулдар деле жүрүшөт го. Шайлоодо утулуп калган депсиңер, бирөө утуп, ону утулат экен. Саясаттын биз билбеген мыйзамдары ушундай тура. Андан башты жерге сала турган уяттуу нерсе эмес. Атамбаев деле канча шайлоодон атаандаштарынан утулуп калган жайы бар. Текебаев деле атаандашы Пайзуллабек Рахмановдон шайлоодо утулуп калган. Ошол кездеги президент Акаев Жогорку Соттун төрагасына өзү телефон чалып “Текебаевдин кызыкчылыгына чечим чыгаргыла!” деп айткан так маалымат бар. Эгер кызыксаңар Файзулла Рахмановдун өзүнөн сурасаңар болот. Ошон үчүн Акаевдин суранычы менен Текебаев “каршы” добуш берүүсү менен Үзөңгү-Кууш Кытайга өтүп кеткен жайы бар. Анткени жыйындар залына бир адамдын кирип добуш берүүсү гана жетиштүү эле. Кыргыз жеринин Кытайга өтүп кетишине, Текебаев таразанын ташын басып берген. Силер аны мактаган менен жерин “саткан” депутат катары тарыхта калды. Балким, Жараткан мени ошондой иштерге аралашпасын деп сактагандыр. Өмүрбек Текебаев күчтүү саясатчы, аны эч ким жокко чыгара албайт. Бирок ал акыркы жылдары байлыктын артынан түшүп, кызаргандын баарын кубалап, ошого кызыгып кетип, ачкөздүктүн аягы түрмөгө алып барып тыкты. Жыгылган адамды теппей эле койгонум оң го. Ушул жерден токтоюн…

Курманбек Бакиев менин коргоомо муктаж да эмес. Мезгили келгенде, борбордук Ала-Тоо аянтындагы кандуу окуянын автору Атамбаев болуп чыгарына көзүм жетет. Атамбаевдин эң жакын досу, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов: “Мен профессионал врач катары расмий билдирем, Кыргызстандын бийлигинде эки шизофреник бар. Бири – Алмаз Атамбаев…” деп таамай айткан сөзү бар.(Булак ”Назар-Ньюс”) Силер Атамбаевден оозуңарга түкүртүп алгансыңарбы, билбейм. Жазган сөздөрүңөргө караганда бир мандемиңер бардай көрүнүп кетти. “Алма бутагынан алыс түшпөйт” деген макал бар, ошол чын окшойт. Анткени, силердин жазгандарыңардан шизофрения жыттанат… Атамбаевдин айланасындагылардын баарысы жанына качып, ушул Тилек менен Каныбекке күнү калган го. Кошоматка кой сойгон “жазмакерлерге” ишенген Атамбаевиңердин жүзү ушу. Туйгунаалы байке, табиятынан бетке чабар адам айткандай “шизофренник“ президентке алты жыл чыдаптырбыз. Дагы бир жолу президент болот элем десе эмне кылат элек. Туйгунаалы Абдраимов: “Ал жумасына 1–2 жолу Акүйдөгү жумуш ордуна келсе, түштөн кийинки 3–4кө чейин араң чыдап отуруп, анан дачасына кетип калчу. Элде “президент бар экен” деген пикирди жаратуу үчүн “кээде анын кортежи АШАсыз деле Акүйгө келип кете берет” деп да айтышчу. АША 6 жылдын ичинде 25–26 жолу отпускага чыкты, ал эми ачкыл-кычкылдардан улам эс алгандарын кошкондо,”эмгектик өргүүлөрү” 50гө жакындады окшойт. Анан кантип биз АШАны эл үчүн, мамлекет үчүн иштеди деп айта алабыз?” Чынында мындай ачуу чындыкты Туйгунаалы байке гана айта алат. Мындай чындыкты Сапаров менен Рыскулов жаза турган болсо, эбак эле “шымдарын” суулап алышмак. Кесиптештер, мына ушундай президентке жаныңарды үрөп иштеп жүрдүңүздөр. Чынында, бизди бир Кудай сактаган экен деп жакабызды кармап отуруп калдык. Биздин гезит Атамбаевдин түн уйкусун бузуп, болгон чындыкты жазып, элге болгон чындыкты жеткирип жатабыз. Кыска убакыттын ичинде АШАнын чыныгы жүзүн ачып бере алдык деп ойлойм. Тилек Рыскулов эч качан Атамбаевди сындап жаза албайт, анткени анын “кожоюну” СДПКнын эсебинен парламентте отурат. Жөн эле, патриот болуп өпкөңөрдү чаба бербегилечи. Атамбаевдин арам акчалары силерди “булбул” кылып сайратып жатканын да билебиз. АШАнын “булбулдары” сайрагыла! Бекер акча талаада жатыптырбы? “Фабула” гезитинде (№ -40(260) Жума, 8-июнь,”2018-ж.) Алмаз Атамбаевдин С. Исаков, О. Артыкбаев, К. Кулматов, С. Авазов ж. б. коррупциялык иштер менен камакта жаткан досторун актаган, “Элпек достору Жээнбековду опуртал жолго түртүп жатышат!” аттуу билдирүүсүн жарыя кылышты. Бул билдирүүнү башка гезиттер баскан деле жок.

Мезгил Бакиев менен Атамбаевдин ордун эртең эле тактайт. Анткени, Атамбаев кулдук сезим менен орустарга биригип мамлекеттик төңкөрүш жасаганы акыр түбү билинет. Феликс Кулов “Атамбаев “миң киши өлсө эч нерсе эмес, эң башкысы бийликти алабыз” деп айтты” “Жаңы Ордо”гезити (№ -13 (586) 20-апрель, 2018-ж.) Мындай сөздү дени-карды соо адам эч качан айтпайт эмеспи. Атамбаевдин бул сөзү адам баласынын канын көксөп турган Чикатилого окшоп кетти. Атамбаев азыр Арашанга батпай калганын, жердеши Доктурбай Кожогулов “Атамбаевге азыр жолуксам, “эй лөлү, сага кыргыз эли эмне жамандык кылды? Эмне өчүң бар бул улутта? Канча карыз кылсаң, ошонун баарын төлөгүн!”деп тике карап айтмакмын…” Бул 78 жаштагы Доктурбай аксакалдын биздин гезитке берген маеги. Ошондой эле КСДП партиясынын мүчөсү Сагынбек Абдрахманов: “Бүгүн Атамбаевди Рая жеңем гана колдобосо бөлөк эч ким колдобойт!”- деп абдан туура айткан сөзү бар. (“Жаңы Ордо” гезитинин (№ -20 (593) саны.) Ошол кездеги Атамбаевдин оң колу болуп жүргөн Бакыт Бешимов: “Бакиев бийлигин жөнөкөй эл жана Владимир Путин кулатты”- деп (“Де-факто” 30-июнь, 2011-жылы) гезитке маек берген. Бул нерсенин чындыгы бар. Ошол күндөрү генерал Суваналиев айткандай Атамбаевдин үйүн бекер жеринен ФСБнын адамдары кайтарган жок болсо керек. Эгер анын орус бийлиги менен байланышы жок болсо Атамбаевдин үйүн ФСБынын темир булчуңдуу жигиттери эмнеге кайтармак эле? Борбордук Ала-Тоо аянтындагы болгон кандуу төңкөрүштүн артында орус бийлиги менен Атамбаевдин кандуу издери бар. Кимдин каңкор экенине мезгил өз баасын берет. Атамбаевдин “мандикерлери” бир аз шашпай күтө тургула! Мындай нерсеге баа берүүгө Рыскуловдун, Сапаровдун чак дараметтери да жетпейт. Ал тургай Атамбаев менен бирге Бакиевдик бийликти төңкөрүүгө катышкан Өмүрбек Текебаев “Атамбаевге караганда Бакиев адам экен!”- деп кечиксе да ачуу экенине карабай өз баасын берди го. Атамбаевдин ким экенин Текебаев эми билип отурат. Жакында баары ачыкка чыгат. Төңкөрүшчүлөр Ата-Бейиттеги берген анттарын эбак унутушкан. Тилек Рыскулов негедир Текебаевге жан тарткандай мамиле кылыптыр. Кайгылуу күндө Өмүрбек Текебаев: “Биз курман болгондордун асыл максатын ишке ашыруу үчүн эл алдында ант беребиз. Эгер жаңы бийлик убадасын унутса, анда эр-азаматтардын арбагы урат. Тагдырыбыз Бакиевдин тагдырынан да жаман болот” – деп Ата-Бейитте ант берген күнү эсибизде. Аза күнү ант бергенин Текебаев тез эле унутуп, аягында “мародёр” деген ат жабышты.

Чынында эле ошол ант бергендер, бүгүн антын унутушту. Алардын арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Темир Сариев: ”Кудайдын кусуру урсун!-деп ант беришип, эл ушуну талап кылышы абзел…” -деп айткан эле. Ал дагы бүгүнкү күндө коррупциялык иштерге аралашып, чалынып-чулунуп жүрөт. Атамбаевдин “шопуру” таап берген эмчи-домчу молдокеси Абдышүкүр ажы Нарматов: “Ушул каргашалуу окуя өлкө жетекчилеринин баарына сабак болууга тийиш…” -деп туура эле айткан экен. Абдышүкүр ажынын айтканы Атамбаевдин бир кулагынан кирип башка кулагынан тез эле учуп кетти. Атамбаев өткөндөн сабак албады. «Манас» аба майданында жайгашкан НАТОнун “Гансидеги” аскердик күчтөрүн чыгаруу үчүн орус бийлиги Бакиевден өчүн Атамбаевдер аркылуу алышты. Ал тургай Россиянын азыркы президенти Путин ошол кездеги Кыргызстандагы кандуу окуя туурасында саясый баа берип, “Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш болду!”-деп айтканы бар. Кан менен бийликке келген Атамбаев аянтта каза болгон ушунча балдардын асыл максаттарын ойлодубу? Атамбаев Ала-Тоо аянтында окко учкан балдардын кунуна миллион сом, бир бөлмөлүү үй бердим, кутулдум десе жаңылышат. Өздөрүнүн өлүмү менен Атамбаевди такка алып келип отургузган ошол маркум жигиттер болчу. АША азыркы күндө алардын баатырлыгын унутту. Атамбаев өзү таза болгондо, ушунчалык коррупциялык иштерге президенттин айланасы аралашмак эмес. Өткөндө, ЖКнын депутаты Осмон Артыкбаевдин “Буйрук бергендер эмес, тапшырманы аткаргандар камала береби?”- деген сөзү жөн жерден айтылбаса керек. Ал коңгуроо какты.

Азыр ТЭЦ боюнча бир үлкөн жетекчи 60 млн доллар, анан 20 млн доллар, кийинкиси 10 млн доллар,5 млн доллар алган коррупционерлердин аттары эл арасында айтыла баштады. «Имиш» деген сөздөрдүн баары Атамбаевдин үйүн көздөй бараткан кез. Белгилүү коомдук саясый ишмер А. Жекшенкулов “Майдан” гезитине (№ 23(360) 20.06.2018-ж.) “Атамбаевге эч ким тузак салган жок, ал өзүн-өзү коррупцияга чырмап алды” -деп абдан туура баа бериптир. Атамбаев өзү байыш үчүн, командасы менен мамлекеттик төңкөрүштүн башында туруп, эми элин тоноп, Путиндин көзүнчө “долларовый мультимиллионер” болгонун айтканы элдин эсинде. Өзү байыш үчүн кан төгүү менен болсо да “мамлекеттик төңкөрүш” жасаган максаты эми билинип отурат. Атамбаев элдин эсебинен “миллионер болгон адам экени көрүнүп турат. Президент Сооронбай Жээнбеков да Кудайдын сүйгөн пендеси экен. Атамбаевдин кулагы ТЭЦтеги, “Датка-Кемин”,” Улуттук тарых музейи”, Чолпон-Атадагы ат майданы, «Манас» аба-майданындагы кыркка жакын адам өмүрүн кыйган белгисиз жүктүн күмөндүү ээси, Ош-Бишкек альтернативалык жолундагы коррупциялык иштерден чыга баштады. Ушул нерселердин баарысы Атамбаевге барып такалып жатканы да бекер жерден болбосо керек.

Президент Сооронбай Жээнбеков, “Коррупцияга каршы күрөшүүдө досума, тууганыма да карабайм!”-деген сөзүнөн бери Атамбаевдин коррупционерлерден турган командасындагылар шымын булгап койгон учуру. Атамбаевдин коррупциялык иштердеги “табакташтары” мурдагы премьер-министр С. Исаков, А. Шадиев, И. Илмиянов, О. Артыкбаев, Ж. Сатыбалдиев ж.б четинен камалууда.

Атамбаевдин жакында сүйлөгөн сөзүн, кайрылуусун жалгыз гана “эшик ырчысы” аталган ”Фабула “ жарыкка чыгарды. Атамбаевге тиешебиз жок деп куу чөп менен ооздорун арчып жатышты эле. Жакында, жаш экенине карабастан кошоматчылыгы жагынан “академик” болоюн деп калган Тилек мырза, “Өкүнүчтүүсү президент Сооронбай Жээнбеков сиздин мактооңузга, адвокат болгонуңузга муктаж эмес…”- деп мени сындап жазыптыр. Менин деле президентке адвокат болоюн деген кымындай оюм жок. Президенттин ишине пенде баласы аралаша алмак беле. Өлкө башчысынын ишине аралашкыдай мен киммин? Гезиттин түйшүгү деле мага жетиштүү.

Калпты-чынды айтуунун мастери Тилек Рыскулов, мени каралап “Президент Сооронбай Жээнбековду бардык редакциялар мактап-жактап, сын айтпаш керек экен” -деп балп эттириптир. Мен башка редакциялардын баары макташ керек деп айткыдай акылымдан ажырай элекмин. Андай болушу да мүмкүн эмес. Иттин кайда көмүлгөнүн эми түшүндүм… “Жүзүңдү аччы Гүлчєтай!” дегендей болуп калыптыр го Эрнис иним. Менин угушума караганда Тилек мырзаны өз ордуна баш редактор кылып коюп, креслосуна батасын берип отургузуп кеткенине жетине албай Эрнис Балбаковдун бут алдына көлдөлөң болуп бергени го.

Ушул кыязда, мен журналисттердин көзүнчө “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Эрнис Балбаковдун өзүнө тамаша иретинде айткан элем. Эрнист “Байке, Толгонай туурасында жазганыңызды окудум, бизди да чарпып кетипсиз!”-деп калды. Мен ага тамашалай “Эмне, өкмөттүк гезит болуп туруп, президент Жээнбековду колдобой жатканыңар калп беле?”-деп тамашага салдым. Эрнис мырза “ Анда, Абдиламит Матисаковдун деңгээлине түшүп калабыз го…”-деп күлүп калды. Мен кайрадан тамашага сала, “Өзү өкмөттүк гезитке башкы редактор болгон адам, ким президент болуп бийликке келсе ошол өлкө башчысынын саясатын жүргүзүш керек. Өкмөттөн алган айлык менен минген машинасы жакшы да президент болуп келген адамдын саясатын колдоо уят ишпи? Силер Матисаков Акаевди коргогондой өз президентиңерди колдоп иш кыла албайсыңар! Келген президенттин саясатын колдобогон башкы редактор арызын жазып кетип калат. Бул бардык жерде ушундай…”-деген кыязда тамаша иретинде гана сөз болгон. Эрнис инимдин намысына деле тийгидей оюм жок эле. Анан ошол тамаша сөз “Фабула” гезитине бир аз бурмаланып чыгып кеткенине мен да таң калдым. Журналисттер айткандай Эрнист Балбаков түшкө чейин “Фабула” гезитинде баш редактор, ал эми түштөн кийин “Кыргыз Туусунда” жетекчи деген сөздүн чындыгы бар окшойт. Айлыкты “Кыргыз Туусунан” алып, анын кызматтык машинесин минип, түсүн өзгөртүп алып бийликти сындап “Фабулага” макала жазат деп кесиптештерибиздин айткандары да туура көрүнөт. Атамбаевден же Фарит, Үсөновдон коркобу, айтор Сооронбай Шариповичке “Кыргыз Туусунун” редактору “Ааламдык иш-чаранын алдындагы иш сапар” деген макаласын да өз фамилиясы менен Балбаков Эрнис деп жазуудан тайсалдап Тиленбек Азык деп жазыптыр. Баштагы босстору Алмаз Үсөнов, Фариттерден көрүп калат деп тайсалдап коркконубу билбейм! Болду, болбоду корккону го. Эрнис иним, өзү саясатта да, журналистикада да эки жакка талтайып турган жакшы эмес. Чатың айрылып калат…

Эй, “молодойлор” кичине демиңерди басып, андан көрө сабатыңарды жоюп, макала жазганды дурустап үйрөнүп анан башкаларга, мага акыл үйрөткүлө деп айткым келип турат. Бетиңерге айтайын, сабатыңар жоюла элек экен. Силерге айтарым, көбүрөөк окуп анан макала жазгылачы. Куру эле, көтөн чучугуңар айрылганча ыйына бербегилечи? Антпесеңер, көрүнгөнгө ырылдап чуркаган “кабанак” иттерден айырмаңар жок болуп калыпсыңар. Кыргыз журналистикасына кайын атам же өкүл атамдын жардамы менен келген эмесмин. Мен пешене тер, көп жылдык эмгек, тажрыйбам менен өз киндигимди єзїм кескен журналистмин. Эртең кызматтан алат экен деп тааныш издеп же өкүл атамдын артынан салпактап чуркаган адам да эмесмин. Мени сыйлабасаңар да силердин гезиттин окурман журтун сыйлаганды үйрөнгүлөчү. Бизге нан таап берип жаткан окурмандарды сыйлайлы. Чыныгы журналист болуу өтө кыйын, ал колунда скальпели бар врачтай. Мажирөө жазмакер экениңерди көрсөтүп коюп жатасыңар. Ичиңер күйсө да айтып коёюн, мага жеткенче али көп дабандарды ашасыңар. Бокста деле боксёр өзүнүн атаандашына салмагына жараша таймашка түшөт эмеспи. Силердин “салмак категорияңар” мага туура келбейт экен. Силерден коркуп калгыдай мокок адам, коркок журналист деле эмесмин. Канча жазсаңар ошончо жооп бергенге, силердей самопал журналисттерге бетме-бет рингге чыгууга кудуретим жетет. Бирок, ар бир санда силерге жооп бере бергидей, силер менин теңим эмессиңер! Чынын айтсам, чала сабат жазмакерлер менен абысындардай айтышып отургум да келбейт. Буларды журналист деп айтууга да болбойт. Айтар сөзүм ушул…

Бекен Назаралиев

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: