Menu

Аялы күйөөсүн үбөлүк, идиш-аяк менен ургулаганда, жинденген эркек ага бычак сайып, өлтүрдү

Бөлүшүү:

Чүй облусунда күйөөсү аялын өлтүрүп, 12,5 жылга эркинен ажыратылган Соттун чечими Жогорку Соттун сайтына жарыяланды.

Алардын жарыясына таянсак, тергөө органдары Илья аттуу (аттары өзгөрлтүлдү) эркек мас абалында аялы Иннаны курсакка сайып өлтүрүп салган. Аял киши окуя болгон жерде көз жумган. Мындан тышкары, Ильянын үйү тинтүүгө алынган учурда ок атуучу курал жана баңгизат табылган.

Сот отурумунда айыпкер коюлган күнөөнү жарым-жартылай гана моюнуна алган. Ал күнү үйдүн короосунда мончонун пайдубалын куюп, ага инисинин баласы жардам бергенин айтты. Кечки төрттөргө чейин иштешип, кечинде Инна менен бирдикте арак ичкенге олтурушат.

Ильянын айтымында, ичке арак киргенден кийин аялы күйөөсү анын көзүнө чөп салып жатканын айтып, аябай албууттанып, кол көтөрүп, бетин тытып алган, андан соң колуна бычак алып, сайып калууга аракет көргөн. Ошондо эри колунан бычакты тартып алып, ичке сайып жибергенин байкабай калган имиш. Ошол замат аялы жерге кулап түшкөн. Илья аялына жардам берүүгө аракет көргөнүнө карабай, он мүнөткө жетпей дем албай калган. Жанына олтуруп алып бир топко чейин ыйлаган да экен. Андан кийин Иннаны өлтүрүп алганын инисинин баласына барып айткан.

Эрди-катын 19 жыл чогуу турмуш курушкан экен. Бир күбө соттон Ильянын бала кезинен бери жакшы таанырын, Иннага жолукканга чейин оозуна эч кандай ичкилик албаганы боюнча көрсөтмө берди. Ичкиликти дайыма аялы баштачу экен, мас болуп алышып, урушуп эле жатып калышчу экен. “Инна сөзсүз колуна үбөлүк идиш-аяк алып, Ильяга кол көтөргөндөн кайра тарчу эмес”, – дейт күбө.

Акыры сот эркекти күнөөлүү деп таап, 12,5 жылга эркинен ажыратышты.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: