Menu

Бабырбек Жээнбеков, «Алиби» гезитинин башкы редактору: «Гезитке же мага коюп жаткан аргументтештирилген эч кандай себеби жок жана таба да алышпайт»

Бөлүшүү:

 

— Бабырбек агай, атайын кызматтын адамдары үйүңүзгө барып жубайыңызды эртең суракка чакырып кетишиптир. Себебин эмнеден көрүп жатасыздар?

— Бул Атамбаев менен Абдил Сегизбаев деген мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчисинин акмактыгы эле болуп жатат. Анткени булар кандайдыр бир иштер, маселелер болсо мыйзамдын негизинде повестка жиберип чакыртып сүйлөшүш керек. Эртең менен үйгө барып “жүр азыр барып көрсөтмө бересиң”- дегени адамгерчиликке, мыйзамга дагы жатпаган нерсе. Бизде мыйзам бар, мыйзамдын чегинде иш кылышыбыз керек. Бир киши же болбосо “Алиби” гезити Атамбаевге же анын саясатына каршы өзүнүн пикирин билдирип койсо баса калып “биз муну жок кылып нукка салабыз” дегени туура эмес. Ар кимге эле ушинтип чокчоңдоп, өзүнүн пикирин айткан кишини баса калып “биз мунун пикирин өзгөртөбүз, башкача пикирин айтыш керек, кандай болгон күндө дагы президенттин жүргүзүп жаткан саясатын, айтып жаткан сөздөрүн колдоп турушу керек”-деген максатта ушул иштер жасалып жатат. Андай нерсе деген болбойт да. Кандай болгон күндө дагы турмушта ар кандай пикири барлар болот. Ар бир адамдын пикирин сыйлашыбыз керек. Эгерде биз туура эмес пикир айтып, туура эмес маалымат берип жатсак анда сотко берсин. Анда биз сот менен барып чечишкенге макулбуз. Анан менин үй-бүлөмө барып көрсөтмө бересиң дегени туура эмес, аша чапкандык

— Гезиттин башкы редактору сиз болсоңуз, анан кандайча жеңебиз сурак бермек эле?

— Документтер боюнча жеңең гезиттин уюштуруучусу. Ал киши гезитте эмне материал кетип жатат, демек ал жооп бербейт. Гезиттин башкы редактору болуп мен олтурам. Бийликтин гезитте кандайдыр бир маселелери болсо мага кайрылышы керек. Анткени гезитти мен чыгарып жатам. Уюштуруучу деген гезитти түзүп, кандай чыгып жатканы боюнча ал киши жооп бербейт.

— Аларды чычалатып жаткан кандай материал чыгып кетти эле?

— Ошону мен дагы түшүнбөй турам. Анткени биздин 4 саныбыз чыкты. Ал жерде бийликтин көз карашы боюнча кайсы материал бийликтин саясатына каршы, болбогон жерден жамандап жатат, азырынча көрө элекмин.

— Эми мындан аркы аракетиңиз кандай болот? Гезитти жаап коюу коркунучу жокпу?

— Биз мындан ары дагы күчөйбүз. Жакшы сын материалдарды, өздөрүнүн дарегине айтылып жаткан сын пикирлерди көтөрө албай, туура эмес жыйынтык чыгарып жатса, адекваттуу түрдө мамиле жасай албаса колдон келишинче элге маалымат беребиз. Туура эмес жүргүзгөн саясатын колубуздан келишинче элге жеткиребиз. Гезитке кандай чара көрөт өздөрүнүн иши. Анткени бул алыска узабай турган саясат. Анткени 2010-жылы дагы ушундай маселелер козголуп, ушундай иш аракеттер болгон. Бакиевдер дагы бизди колунан келишинче жапкан, башка кылган, соттогон. Бирок анын баардыгы ачыкка чыкты. Бүгүн дал ошондой эле маселелер козголуп жатат. Мен бийликтин бүгүн ушундай аракеттерин угуп сүйүнүп жатам. Себеби алар гезитти дагы бир жолу көтөрүп берели деп жатышат. Же болбосо гезитке же мага коюп жаткан аргументтештирилген эч кандай себеби жок, жана таба да алышпайт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: