“Казакстан биринчи каналынын” башкы редактору Руслан Смыков белгилүү орусиялык журналист Владимир Познер менен болгон жасалма маектен чыккан жаңжалдан кийин жумуштан кетти.
Анын кесиптештери билдиргендей, 17-декабрда чыккан фейк-интервьюдан кийин жетекчилик менен келишпей иштен бошонууга арыз жазган. Буга чейин “Евразия” телеканалынын (Орусиянын Биринчи каналынын филиалы) сайтында орусиялык журналист Владимир Познер казак теле алып баруучусу Аймира Шаукентаевадан интервью алып жаткан сыяктуу видеоролик жарыяланган. Познер бул маек эч качан болбогонун билдирип, муну “келесоолук” деп атаган.
Телеканалдын редакциясы кийинчерээк интервью тамаша болгонун билдирген. Казакстандын маалымат министри Даурен Абаев аны эң эле “жонсуз азил” деп атаган.
Смыков жана Шаукентаева жер реформасына байланыштуу жазында өткөн митингдерди чет өлкөдөн кимдир бирөөлөр каржылап жатат деп бир нече жолу жарыялашкан болчу. Бул үчүн алар социалдык түйүндөрдө сынга кабылышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ