Menu

Душанбеде «Азия-Плюс» басылмасынын журналисти кол салууга кабылды

Бөлүшүү:

Абдулло Гурбати кол салуудан кийин тартылган сүрөтүн «Фейсбук» баракчасына чыгарган

Кечээ, 11-май күнү кечинде Душанбеде «Азии-Плюс» маалымат агенттигинин 23 жаштагы журналисти Абдулло Гурбатиге кол салуу болду.

Журналисттин айтымында, окуя кечинде, ал дүкөндөн кайтып келатканда болгон. Беткапчан эки киши артынан келип, башка чаап, андан соң тепкилешкен. Журналист кыйкырып жардамга чакыра баштаганда алар качып кетишкен.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз катчысы Нусратулло Махмадзода журналист шаардын Рудаки райондук милиция бөлүмүнө кайрылганын, «тиешелүү чаралар» көрүлөрүн билдирди.

«Азия-Плюс» басылмасы акыркы кездери Абдулло Гурбатинин дарегине белгисиз адамдардан коркутуулар болуп келгенин билдирди. Журналист буга чейин бир канча жолу телефон аркылуу коркутууга кабылганын, кол салууну журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштырып жатканын айтты.

Тажикстандагы бир катар журналисттер бул окуя сөз эркиндигине кол салуу экенин билдиришүүдө. Алар акыркы кездери Абдулло Гурбати өлкөдө коронавирустун жайылышын жана медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлөрдү чагылдырып жүргөнүн белгилешти.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун быйыл апрелде жарыяланган сөз эркиндигинин индексинде Тажикстан 180 өлкөнүн ичинен 161-орунга жайгашкан. Баяндамада акыркы эки жылдан бери бул өлкөдө көз каранды эмес басылмалардын иши кескин оорлогону белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: