Menu

Биле жүрүңүз: Үй шартында келишимдүү келбетке ээ болобуз

Бөлүшүү:

Бардык аял заты сулуу жана сүйүктүү болууну самашат. Тилекке каршы,  баарыбызга эле табият сулуулукту, келишкен келбетти тартуулаган эмес. Бирок азыркы баары өнүккөн заманда сулуу жана келишимдүү келбетке ээ болуу көп деле кыйынчылыкты жаратпайт. Болгону аракет жана убакыт керек. Чынында кээ бир айымдар атайын адисттердин жардамы менен сулуу жана келишимдүү болушат. Атайын машыктыруучу клубдарга, салондорго баруу үчүн да шарт керек эмеспи. Андай шарт  учурда бардык эле айымдарда түзүлгөн эмес. Ошондуктан келишимдүү болу үчүн үйдө жасай турган көнүгүүлөрдү сунуштайбыз.

 Бырыштардын алдын алабыз…

Адамдын визиттик карточкасы анын жүзү экени талашсыз чындык. Өз убагында кам көрүлгөн жүз дайыма сулуу жана сүйкүмдүү көрүнөт эмеспи. Сулуу эмес аял жок, болгону жалкоо айымдар бар дегендей жалкоолукту таштап, бетибизге өз убагында кам көрүп турсак эле бетке бырыштар түшпөй, чарчаңкы көрүнбөй, дайыма жүзүбүздөн нур таамп турат. Чынында  бырыштар бетке убагында кам көрбөгөндөн улам пайда болот. Бетти эртең менен кечинде тазалап, бет май сүртүп туруу талапка ылайык. Жашы жыйырмага жете элек кыздар нымдандыруучу бет майларды колдонуусу кажет. Жыйырмадан отуз жашка чейинки айымдар нымдандыруучу жана азыктандыруучу кремдерди колдонуусу талап кылынат. А 40тан кийин бырыштарга каршы жана жашартуучу кремдерди колдонуу керек.

Каш жүздүн көркү
Каш жүздүн көркү экенин визажистер көп айтышат. Туура терилген каш айымдардын көркүнө көрк кошуп, сулуулугун арттырат эмеспи. Андыктан беттен кийин эле кашка кам көрүү зарыл. Кашты дайыма терип туруу керек. Ашыкча жерин алып салуу кашты сулуу кылып көрсөтүп, аялдын көркүнө көрк кошот. Кашты биринчи жолу атайын адиске барып бир формага келтирип алган оң. Өз алдынча форма жасайм деп кашты бузуп алып өкүттө калбаш үчүн адистин кеңешин алып коюу ашыктык кылбайт. Терилбеген каш аялды жүдөө көрсөтөт. Чынында азыр кашты сулуу кылуунун жолдору абдан көбөйдү. Кааласаңыз атайын адистерге кайрылып кашыңызга татуаж жасатып алсаңыз болот. Эгер ага мүмкүнчүлүк болбосо, өзүңүз деле татынакай кылып карандаш же тень менен боеп койсоңуз кашыңыз өңүнө чыгып сулуу болуп каласыз.

Чач кулпуруп туруусу үчүн…
Аялдын көркүн чач ачат. Жибектей кулпуруп, жалтырап турган чач адамдын көңүлүн сөзсүз өзүнө бурат. Ошондуктан чачка кам көрүүнү экинчи орунга калтырбоо керек. Чачыңыз кулпуруп туруш үчүн чачты туура жуу жана өзүңүздүн чачыңызга туура келген каражаттарды тандап алуу зарыл. Чачты а дегенде жылуу суу менен жууп, андан кийин муздак суу менен чайкаса чач жалтырап калат. Чачты күндүн зыяндуу нурларынан сактоо керек. Күн ысып төбөдөн тийип турганда дайыма баш кийим кийип жүрүү талап кылынат. Бул чачтын сынып жана өңү өчүшүнүн алдын алат. Таралбаган, майланышкан чач адамды жүдөө көрсөтүп, эркектерди иренжитет. Жолдошуңуздун сизге тартылып сүйүп турушун кааласаңыз өзүңүздөн убакытты аябаңыз.
Ичти киргизебиз…

«Мырзалар көзү менен сүйөт» деген сөз чындык. Эгер сиз сүйүктүүңүздүн сүйүүсүнө арзыганды кааласаңыз салаңдап турган курсактан арылыңыз. Шалбыраган курсак өзгөчө эркектерди иренжитет. Ошол себептен, а дегенде курсакты тартуудан баштоо керек. Ичиңиз чыкпай жалпак болуп турушу үчүн тамак жебей диетага отуруп өзүңүздү кыйноонун деле зарылчылыгы жок. Болгону салаңдап турган курсагыңызды жоготуу үчүн күнүнө 10 мүнөт гана убакыт бөлүп коюңуз. Ал үчүн эртең менен эрте туруп бутту эки жакка керип, бойду түз кармап отуруп туруу керек. Бул ыкманы күндө 10 мүнөттөн жасап турсаңыз эле ичиңиздин тартыла баштаганын байкайсыз.
Ичке белге ээ болуу үчүн…

Бети айдай, белди кылдай дегендей, кымча белдүү кыздарга кимдер гана кызыкпайт. Эгер сиз дагы сүйүктүүңүздүн сизге суктанып туруусун кааласаңыз белиңизди ичкерте билиңиз. Бул мүмкүн. Бел ичке болуш үчүн а дегенде кечинде камыр тамактарды аз эле колдонгон оң. Белдин ичке болушуна эң жакшы пайда тийгизген бул обруч. Күнүгө 15 мүнөттөн обруч айландырып турсаңыз эле белиңиз ичкерип, фигураңыз чыга түшөт. А дегенде обручту туура тандап алуу керек. Эгер сиз аябай эле толук болсоңуз ичинде тоголоктору бар, оор обруч сатып алган жакшы. Натыйжасы да жакшы болот. А арыктарга жеңил эле обручтар сунушталат. Жаңы айландырып баштаганда беш мүнөттөн ашпоосу зарыл. Анан күнүнө бир мүнөттөн кошуп, акырында 30 мүнөткө жеткирип, андан кийин күнүгө 30 мүнөттөн айландырып турсаңыз  өзүңүз каалаган кымча белге ээ болосуз.

Бутка кам көрөбүз…
Ал эми буттардын сулуу көрүнүшү үчүн алгач буттун түктөрүн атайын кремдин жардамы менен алып салуу керек. Аял затынын бутунун түктөрү өсүп жүргөнү туура эмес. Ошол себептен биринчи ишти ушул нерседен баштоо зарыл. Андан кийин бутка кам көрүп, эртең менен күнүгө бутту тизеге чейин бүгүп, кайра жазып көнүгүү жасап, анан ордуңда туруп жай чуркоо керек.

Булчуңдарды бекемдейбиз…
Колдун булчуңдарынын эттери салаңдап калбашы үчүн колго да көнүгүүлөрдү жасоо керек. Бул көп деле убакытты талап кылбайт. Ал үчүн колду дубалга коюп, көкүрөктү дубалга тийгизип, кайра артка чегинүү зарыл. Мына ушул көнүгүүнү күнүгө эртең менен беш мүнөт жасап турсаңыз колдун булчуңундагы ашыкча эттер жоголот.

Ишенимдүү болом десеңиз…

Мына ушул нерселерди жасоого убакыт таап, дайыма өзүңүзгө кам көрө билсеңиз ажарлуу, сулуу, келбеттүү болуп, кандай учур, кырдаал болбосун өзүңүздү ишенимдүү алып жүрө аласыз. Анткени адамдын сырткы келбети бардык жерде өзгөчө роль ойнойт. Жарашыктуу кийинип, сулуу көрүнгөн айымга тегеректегилер да өзгөчө мамиле жасайт. А айымдар дайыма ишенимдүү жана адамдардын көңүл борборунда болууну самайт эмеспи. Айымдардын өзүнө болгон ишеними ал аял затынын сулуу жана күчтүү болушуна шарт түзөт. Бул башкысы эмес, эң башкысы сүйүктүүңүз сиздин келбетиңизге арбалып, үйүңүздө ынтымак орноп, сүйүү оту жанып турат.

Даярдаган Жаркынай Кадыркулова

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: