Сан-Брунодо YouTube компаниясынын башкы кеңсесинде ок аткан аял Калифорния штатынын жашоочусу Насим Агдам экени аныкталды. Бул тууралуу Си-Эн-Эн компаниясы укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен билдирди.
Алардын айтымында, Агдам Калифорниядагы Риверсайд жана Сан-Диего шаарларында жашаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, анын YouTube компаниясы менен кандайдыр бир байланышы болгон эмес. CNBC билдиргендей, Агдам 39 жашта. Ал пистолет менен куралданган.
Бийлик окуянын терроризм менен байланышы жок экенин билдирүүдө.
https://www.youtube.com/watch?v=4ZIGjt0fm9U&feature=youtu.be
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ