Menu

Сапар Исаковдун КР туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешинде сүйлөгөн сөзү

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 15-ноябрда, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңешинин жыйынына катышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Төмөндө Өкмөт башчысынын сүйлөгөн  сөзү:

«Урматтуу Кеңештин мүчөлөрү!

Өкмөттүн «Жаңы доорго-кырк кадам» программасы 2040-жылга чейинки мамлекеттин өнүгүшүн камсыз кылган узак мөөнөттүү стратегиялык документ болуп саналат.

Анда  мамлекеттин жана коомдун жашоо-турмушундагы  бардык аспектилерге  багытталган.

Өкмөттүн программасы – бири-бири менен өз ара байланышкан 9 стратегиялык реформалар программасына негизделет. Алардын топтому 9 улуттук өнүгүү программаны түзөт. Булар калктын жашоо-турмушун жакшыртууга пайдубал түптөп, бизнес-өнөктөштөрүбүзгө маяк боло турган конкреттүү 40 кадам болот.

Кадам сайын биздин жарандардын мамлекеттик кызматтарды алуу шарттары жеңилдеп, алардын жашоосун толугу менен жакшырткан механизмдер киргизилет.

Алгачкы кадам болуп өлкөнүн санариптик трансформациясы саналат. Санариптик технологиянын мүмкүнчүлүктөрү бардык жерде пайдаланылып, бүтүндөй өлкөнү камтыйт. Бул процесс “Таза коом” Улуттук программасынын алкагында ишке ашат.

Биз мамлекет менен коомдун өз ара катнашын санариптештирүү аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартып, мамлекеттин чыгымдарын максималдуу түрдө оптималдаштырууну пландаштырып жатабыз.

Программада өнүгүү институттарынын бүтүндөй комплексин калыптандыруу каралган. Алар экономиканын жакшырышы үчүн ресурстардын жетиштүү санын камсыз кылат.

Эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы Программанын үч маанилүү компоненти ишке ашат:

– “Таза суу” – ичүүчү таза сууга жетүүсү камсыз болот;

– “Ирригацияны өнүктүрүүдөн” – жаңы сугат жерлери ишке киргизилет;

– “Таза коом” санариптик трансформация программасы коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылат.

2017-жылдын октябрынан тарта “Кыргыз почтасынын” почта бөлүмдөрүндө республика боюнча 363 маалыматтык киоск ишке киргизилип, жарандарга 13 миңден ашык мамлекеттик кызмат көрсөтүлдү.

Электрондук виза киргизилип, 1242 жалпы билим берүүчү мектеп интернетке кошулду. “Электрондук транспорттук көзөмөл” автоматташтырылган системасы ишке кирди.

Ал “Кулунду”, «Кызыл-Бел», «Көк-Талаа», «Эркештам», «Сары-Таш», «Карамык», «Жаңы-Арык», «Достук» жана «Ноокат» транспорттук көзөмөл пункттарынын борбордук сервери менен бириктирилди.

Ошто облустар аралык клиникалык ооруканада жана Ысык-Көл облустук бирдиктүү ооруканасында электрондук медициналык карталар пилоттук программа катары киргизилди.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик экотех инспекциянын текшерүүлөрү онлайн режимде жүргүзүү программасы сыноо тартибинде иштеп жатат.

Өлкөнүн экспорттук потенциалын мындан ары өнүктүрүү үчүн экспортко багытталган ишканаларга жеңилдетилген насыяларды берилет.

Бул иш-чаралардын бардыгы “Таза коом. Жаңы доор” Улуттук стратегиясын ишке ашыруунун  биринчи кадамдары болуп саналат.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Сөзүмдүн аягында, 2040-жылга чейин биз каалагандай өнүгүү деңгээлине жетишибиз ар бир этаптагы иштерди туура башкаруудан көз каранды. Ал үчүн артыкчылыктарды сапаттуу жана туура аныктап, ар бир коюлган максатты так жана өз нугунда ишке ашырышыбыз керек.

Биз мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын күчүн бириктирип, макулдашып иштешүү менен гана коюлган максаттарга жете алабыз. Ошондо гана элдин жашоо деңгээлин жогорулата алабыз.

Мунун бардыгы мамлекетибиздин узак мөөнөттүү “Таза коом. Жаңы доор” 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү Стратегиясында каралган».

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: