Menu

“Хизбут –Тахрир” диний экстремисттик уюмунун көз карашын жайылтууга шектүү жаран кармалды.

Бөлүшүү:

“Хизбут –Тахрир” диний экстремисттик уюмунун көз карашын жайылтууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан интернет түйүндөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын биринин көз карашын камтыган материалдарды таркатып жаткан аккаунт аныкталган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Алынган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында жогорудагы аккаунт аркылуу таркатылган материалдарда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюумунун көз карашын камтыган материал бар экендиги аныкталган.

Чүй облусунун ИИББдүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана Сокулуку РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 23-февраль күнү Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 43 жаштагы Б.Э., Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен кармалган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: