Бүгүн, 25-февралда КР УКМК АКШда жашырынып издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны А.А.Шадиевге карата, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен, Кыргыз Республикасы АКШ элчилигине расмий түрдө кайрылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
А.А.Шадиевге карата КР УКМК тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө легалдаштыруу (адалдоо) фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын сот органдары ага карата сыртынан камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралып, ага байланыштуу Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ