Наркы 10,601 790 сомдук декларацияланбаган товарды кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү/чыгуу фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери “Кызыл-Бел” өткөрмө пунктунда Республика Пакистандан келе жаткан товарга тыкыр кароо жүргүзгөн учурда бажылык жактан декларацияланбаган аялдардын жана эркектердин кийимдеринин түрлөрүн табышкан.
Кармалган товардын наркы 10 601 790 сомду түзөт.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ