Menu

Бишкек ТЭЦте иштеген 300 кызматкер мурдагы директордун жакын туугандары

Бөлүшүү:

ТЭЦти модернизация кылабыз деген шылтоо менен миллиондогон акчалар сол чөнтөккө кирип кетип кеткени ачуу чындык. Бизге жеткен маалыматтар боюнча ТЭЦти модернизациялоого бөлүнгөн миллиондорду Нурлан Өмүркул уулу темир торго чалынган Боркеев менен бирдикте бөлүшкөн. Кызматынан четтетилген ТЭЦтин директору Нурлан Өмүркул уулу учурда “теле жылдыз” болуп, баймабай маектерди берип жаткан кези. Бирок оппозиция аны өз операциясы үчүн кол жоолук кылып пайдаланып жатканын байкабай жаткан шекилдүү.

Мындан улам ТЭЦтин директору Нурлан Өмүркул уулуна эле эмес, ТЭЦтин тегерегиндеги махинацияларга кызыгуу жаралбайт койбойт. Маселен, ТЭЦти модернизациялоого Өкмөттүн аппарат жетекчиси Н.Момуналиев баш болгон бүтүндөй чиновниктердин тобу катышыптыр. Тактап айтканда, ТЭЦтин экс-директору Нурлан Өмүркул уулу ремонтко деп бөлүнгөн акчаларды жыл сайын Н.Момуналиевдин фирмасына которуп турган. Фирма ремонт иштерин жасамак турсун ТЭЦтин короосун да көргөн эмес. Өзүн-өзү билген директор ремонт иштерин ТЭЦтин жумушчуларына жасаткан акчаны да Нурлан менен Нурхан мырзалар бөлүп алышчу экен.

ТЭЦке деп 600 дотларга аттиш менен 14500 дотларга көрмө камераларды алган ТВЕА компаниясы менен келишим Ж.Сатыбалдиев менен О.Артыкбаев кызматта турган кезде түзүлгөн. Демек, алар деле ооз майлап калышса керек. Баса, демейде күпүлдөгөн ЖКны депутаты Кожобек Рысбаевдин талкан сугунгансып унчукпай жатышынын себеби өзүнчө кеп. Анткени Нурлан Өмуркул уулу Кожобек мырзанын өз адамы. Ошол себептен парламентте да колдоочум бар деп ТЭЦтин директору ишкананы өз менчигиндей пайдаланып, жалаң жакын туугандарын кызматка коюп алган экен. Четинен санайлы:

Калыс Джаманкулов -инженер (бир тууганы);

Жаманкулов Нурбек – жылуулук казан цехинин смена башчысы (аталаш агасы);

Жаманкулова Асель – химиялык цехтин аппаратчиги (бир тууган эжеси);

Жаманкулов Данияр – жылуулук казан цехинин смена башчысы (бир тууганы);

Жаманкулов Адилет – айдоочу (жээни);

Жаманкулов Мирбек – жылуулук казан цехинин смена башчысы (аталаш иниси).

Булардан сырткары:

Назаров Ж. – “Электр станциялар” ААКнын башкы директорунун орун басары;

Назарова А. – ТЭЦтин инженер пландоо-экономикалык бөлүмүнүн инженери – кызы;

Назаров А. – ТЭЦтин мастери -уулу;

Мараталиева Улкан -ТЭЦтин капиталдык курулуш боюнча инженери – аялы;

Анарова Н. – ТЭЦтин кампачысы-эжеси;

Анарова Д. – капиталдык курулуш боюнча инженери – карындашы.

Айтор баш аягы бир тууган, таеке жээн, кайын журт, жердештерин кошкондо ТЭЦтин экс-директору Нурлан Өмүркул уулунун бул ишканада үч жүздөн ашуун адамы иштейт. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп кызматтан кетээри менен ак сопу болуп, оппозицияга ооп чыга келгени кызык. Бишкек ТЭЦин модернизациялоого катышып капчыгын толтургандардын тизмеси узун. Оппозициянын көктөн издегени жерден табылып Нурлан Өмүркул уулунун укугун коргоого адвокат жалдап беришип өз пайдасына колдонушууда. Баса, кумарпоз И.Масалиев баш болгондор ТЭЦти шылтоолоп экс-президент А.Атамбаевди жаманатты кылыш үчүн Өмүркул уулун саан уйдай саап жатышат.

Азамат КАНГЕЛДИЕВ

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: