Бүгүн Жогорку Кеңеште телеканалдардагы программалардын 50 пайызын кыргызча көрсөтүүлөр түзүшүн камсыздаган мыйзам долбоорун депутаттар күн тартибинен алып коюшту. Буга нааразы болгон эл өкүлү Рыскелди Момбеков кесиптештеринин бул кылыгы мамлекеттик тилге болгон чыккынчылык экенин айтып, уй дагы өз тилинде мөөрөп, кой өз тилинде маарап жатса, кыргыздар өз тилинин кадырына жете албай жатканына кейиди. Ошондой эле ал парламентте “кыргыздар” менен “киргиздердин” ортосунда дайыма ушундай тирешүү болуп келгинин кошумчалады. Жогорку Кеңештин “Күн тартибинде” программасында бул маселе боюнча депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Рыскелди Момбеков өз ойлорун билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ