Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Мамкаттоонун мурдагы төрагасы Тайырбек Сарпашевди сотко берген жарандын арызы сотто артка кайтарылган. Эсиңиздерде болсо, буга чейин Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна Айдар Халиков аттуу жаран 19-февралда арыз менен кайрылган. Арыз ээси Халиков көчүп келгендигине байланыштуу паспорттон «улуту» графасын алып салгандыгын мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, ал үчүн экс-президент Атамбаевди жана мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашевди сотко берип, моралдык зыянды 6 млн. сомго баалап, өндүрүп берүүнү сураган. Арызды карабоонун башкы максаты арыз берүүчүнүн арыз жазуудагы тийиштүү талаптарга ылайык келбей турганын, формасы жана мазмуну сакталбаганын, арызга тийиштүү документтер, доогердин паспортунун көчүрмөсү, ырастоочу далилдер тиркелбегенин билдирген. Бирок, бул талаптар аткарылса арыз кабыл алынаары айтылат.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ