Menu

Мэрия жолго эмнеге кум сеппей жатканын түшүндүрдү

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык мэриясы жакындан бери көчөлөргө жана тротуарларга кумдун ордуна техникалык туз себүүгө өткөн.

Бишкек мэриясы карды ээритүү үчүн эмне себептен техникалык тузга өткөндүгүн түшүндүрүп берди.

Биринчиден, кум шаарды булгайт, андагы чаң абага көтөрүлүп, жолдор аябай кирдейт.

“Биз кум менен тузду шаар көчөлөрүнө сепкенде, тургундарды көп арызданышчу. Бул аралашма музду эритүүгө күчү жетпей келген. Кум майдалыгына карабай унаалардын терезелерине тийген учурлар болгон” – деп айтылат маалыматта.

“Техникалык туз – адамдар үчүн коркунучсуз. Биздин кызматкерлер туз себилген карды дароо эле тазалап алышууда” – деп кошумчалайт мэрия.

Анын артыкчылыктары – жеткиликтүү баа. Баасынан сырткары туз кар менен музду даро ээритет. Мындан улам жолдордун тоңгок болушун алдын алат.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: