Menu

АКШлык активист Кыргызстанды америкалык бейөкмөт уюмдардан абайлагыла деди

Бөлүшүү:

Америкалык активист, “Жарандар менен жарандык бирикмелердин бүткүл дүйнөлүк лигасы” ачык коомунун кеңеш мүчөсү Дональд Хэнк АКШ азыр Борбордук Азия өлкөлөрүнө чоң көңүл буруп жаткандыгын айтып өттү.

“Азыркы тапта Борбордук Азиядагы мурдагы советтик республикаларда АКШнын бир нече бейөкмөт уюмдары иштеп келет. Алар Сорос фонду менен каржыланат. Бул уюмдардын кээ бири 2014-жылы Киевдеги майданга түздөн түз катышышкан. Алар жарандык согуш, мамлекеттик төңкөрүш жасаганга адистешкен. Азыр Кыргыз Республикасы Орусия жана Кытай менен абдан жакын болуп кетти. Албетте, Борбордук Азияга болгон Орусиянын таасири күч. Бирок АКШ да сырттан карап тура албайт. Кытай дагы өз таасирин жүргүзгүсү келет. Бул чоң мамлекеттердин кызыкчылыктары алдында Кыргызстан майдаланган тыйын болуп калышы мүмкүн. АКШнын Өзбекстан менен болгон аскердик байланышы да күч алды. Ал эми бейөкмөт уюмдар ушундай кырдаалда катуу иштей башташат”, – дейт Хэнк мырза.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: