Menu

Төрөбай Зулпукаров, депутат: Ата-энем берген тарбия баарынан бийик, баарынан да улук

Бөлүшүү:

«Атадан үч уул төрөлөт – атадан артык, атага тең жана атадан кем уул» деп айтылат кыргыз элинде. Мына ошол атадан артык болбосо да атага тең уул болгон Жогорку Кеңештин депутаты Теребай Зулпукаровду тарбиялаган ата-энеси тууралуу азын-оолак сөз кылабыз.

Атам темирдей бекем тартипте кармады

«Бешиктеги баланын бек болорун ким билет» дегендей алыскы Ноокаттын Кара-Таш деген айылында 1974-жылы Зулпукаровдордун үй-бүлөсүндө депутат Төрөбай Закир уулу жарык дүйнөгө келген. Атасы Закир Зулпукарович милиция кызматында 33 жыл иштеген. Эл сакчысы кызматындагы ата уулуна татыктуу тарбия берүүнү да унутпаган.

Өмүрүнүн аягына чейин кыргыз милициясында кызмат өтөгөн Закир Зулпукаров, башка офицерлер сыяктуу эле тартипти сүйгөн, үй-булөсүнө да темирдей тартипти кармаган деп эскерет депутат. «Элдин баары милиция легенде катаал кишини элестеткендей эле атамдын мүнөзү кадимки аскердегидей баарыбызды бир кылка тизип коёр эле. Чындыгында мамлекеттик кызматкер катары милиция тармагында иштегени менен апам менен атамдын тапкан каражаты биздей көп балалуу үй-бүлөгө жетчү эмес. Анткени, биз 8 бир тууган болсок, анын бешөө эркек, үчөө кыз» – деп сөз баштады.

Апам атамдан да калкалап, боор тарта берчү

Апам Нурматова Бүрабия адеп мектепте китепканада иштеп, кийин колхоздун дыйкан чарбасын жетектеп, бригадир болуп эмгектенди. Албетте, эненин эмгеги бала үчүн ченеми жок болгондуктан, апам жөнүндө кыскача айтсам өтө эмгекчил, боорукер, мээримдүү эле. Бирок тилекке каршы, апабыздын көзү бул дүйнөдөн эрте өтүп кетти. Үйдө атам катуу болгондуктанбы, же негизи эле ошондой жан беле, апам балдарына боор тартып атамдан да калкалап бизге болушуп жан тарта берчү. Колхоздун иши, андан тышкары өзүбүз дагы дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алек болчубуз. Оштун Ноокат районунда СССРдин учурунда тамеки иштетүү абдан күч алган. Биз да ошол Ноокаттан болгондуктан тамекиге көп иштедик. Чындыгында тамекиде иштөө абдан оор, көп мээнетти талап кылган иш болгондуктан, көңүлүбүз калгыдай эле болдук. Анткени, тамекиден тышкары алма, картошка өстүрүп, айтор жаныбыз тынчу эмес. Апам менен атам бизге эмгек менен агарып-көгөрөрүбүздү баскан-турган сайын эскертээр эле. Ошол себептенби, айтор «эмгектүү кулда чарчоо жок» дегендей эле, иштегенге туура келчү.

Таң заардан турганга атамдын дабышы жетиштүү эле

Атам кызматкер болгондуктан эртең менен кетип кечинде келчү. А апам болсо дайыма биздин тарбиябызга, I окуубузга көңүл бөлүп, эртели-кеч Ьиз менен алпурушупжатып күн кечирди. Тац эрте малды жайлаш үчүн эртерээк туруш керек, негедир апам тургу-заарда эркелеп азыр, азыр мына 5 мүнөт деп жата берээр элек. Анан качан атам биз жаткан бөлмөгө баш багып басканда эле, анын ке-ле жатканы сезилип, безге сайгандай эле ыргып тура калчубуз. Дароо бат-баттан ки-йинип малжайлаганга даяр болор элек. Атам бир сыйра баарыбыз-га коз жүгүртүп карап унчукпай чыгып кетчү. Кудум аскерде жүргөн-дөй эле сезчүбүз. Ал кезде кыргыз айылда-рындагы карапайым үй-бүлөлөрдүн бардыгы эле бирдей күн кечирип келишкен. Бир тана биз эмес, бүтүндөй советтик өлкө-нүн өспүрүмдөрү колхоздун иш-терине ата-энесине жардам берип иштесе, жайкы эс алууда үй-бүлө-нүн бюджетине салым кошуу үчүн эмгектенүугө туура келч ү.

Тамеки тизгенден тажап, терезеден качып чыкчумун

Бала чагымда атамдын катуу экенине карабай шок эле болчу экенмин, мектепте алдыңкы окуу-чулардан болгонум менен жалкоом кармаганда ар кандай шылтоолор менен ИШТӨӨДӨН баш тартчумун, маселен тамеки тизүүдөн тажага-нымда менин үй тапшырмаларым коп, сабак окуйм деп, болмомо ки-рип кетчүмүн. Бөлмөмдүн эши-гин жаап коюп, терезеден качып чыгып кечке чейин балдар болуп ойночубуз. Качан куүгүм кирип үйгө бараар мезгил Оолгондо, уй-го кирүү мага эн чон маселеге ай-ланчу. Анткени, үйдө апам же атам эшикте жүргөнүмдү билип калса уруш жээримди эстегенде кадим-кидей жүрөгүм түшчү. Бирок, кандай болгон күндө да үйгө барганда атама билдирбей энем мени тил-деп, урушканы менен жол карап сарсанаа болуп күтчүэле. Бир эмес, канча ирет уруш уксам да оюн де-генде баары эстен чыкчу. Албетте, апамдын урушканынан да эркеле-тип аяганЫ коп болчу. Апам менин коргоочум да, оңдоочум да, тире-гим дагы болчу. Ар дайым мен ая-гына чыгарбай ойноп кеткен ишти апам өзү чыгарып коёр эле. Кийин эс тартканы эстеген сайын аябай уялчумун. Мектепти аяктаган учур улуу СССРдин кулаган мезгили болуп, олкодо кадимкидей жокчулук сезилип, элдин баары мүңкүрөп калган убакка туш келип калды. Азыркы бүтүрүүчүлөрдөй эс алуу же жасануу менен эмес, кадимки жупуну бүтүрүүчү болуп бүтүп, ас-керге кызмат өтөөгө жөнөп кеттик. Кандай оор күндөрдү, кубанычтуу жылдарды өткөрбөйлү, атам менен энем берген тарбия баарынан би-йик, баарынан улук.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: