Menu

ИИМ: Башка бирөөнүн мүлкүн укукка каршы ээлеп алган факты аныкталды

Бөлүшүү:

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери коррупциялык багыттагы укук бузулган фактыны аныкташты.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө 2020-жылдын октябрь айында каза болгон адам өзүнүн автоунаасын “тирилип келип” башка бирөөгө каттатып койгондугу боюнча фактылар аныкталган.

Ушул жылдын февраль айынын башында ички иштер органдарына Араван районунун жашоочусу кайрылып, анын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары тепселенип жаткандыгын айтып, тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Анын жолдошу 2020-жылдын октябрь айында  каза болгонун, бирок ал каза болгондон кийин ага таандык “Дэу-Матиз” үлгүсүндөгү автоунааны жакын туугандарынын бири белгисиз жаранга сатып жибергендиги маалым болгон.

Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 204-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) жүргүзө баштаган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2020-жылдын ноябрь айында каза болгон адамдын автоунаасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” Мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы бөлүмүндө бул уюмдун кызматкерлеринин катышуусунда документтерди кайрадан жасоо ишке ашырылганы такталган. Ошондой эле сатуу-сатып алуу келишимин ишке ашырууда каза болгон адамдын колу дагы коюлган.

Азыркы учурда кылмыш жасоого шектелип Ош шаарынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” Мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызматкери менен каза болгон адамдын тууганы катары өзүн тааныштырган Ош облусунун Араван районунун жашоочусу 1958-жылы тууган С.Г. кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бир катар экспертизалар дайындалды. Сатылып кеткен автоунаанын кайда экендиги такталууда.  Иликтөө иштери уланып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: