Menu

Ошто мектеп окуучулары мушташып, бычактан жаракат алган 16 жаштагы эки бала ооруканага түштү

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районунда бычактан жаракат алган эки мектеп окуучусу ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу журналисттерге Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Белгиленгендей, мектеп окуучуларынын мушташы Кара-Суу районунун аймагында болгон. Бирок мектеп окуя болгон жерде көчөнүн маңдайында жайгашкан жана Ош шаарынын аймагына карайт.

Учурда жабыркаган 16 жаштагы эки окуучу Ош шаардык клиникалык ооруканасында жатат.

Иштин топтолгон материалдары прокуратурага өткөрүлүп, кайсы ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзө турганы аныкталат.

Учурда мушташтын себеби такталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: