Menu

Кыргызстанда жолдордон акы алуу тартиби талкууланууда

Бөлүшүү:

Кубакы ашуусу.

Транспорт жана жол министрлиги Кыргызстандын аймагындагы чоң жолдордо жүрүүгө акы алуу максатында төлөмдөрдүн эсебин чыгарып, долбоорду парламентке сунуштаганы жатат.

Транспорт жана жол министрлиги өкмөт 2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүү токтомунун негизинде жана жаңы салынган автоунаа жолдорунун сапатын сактап калуу максатында жолдон акы алуу демилгесин көтөргөнүн билдирди.

Аталган мекеменин кеңешчилер тобунун жетекчиси Нурлан Кайынбаевдин айтымында, учурда кайсы жолдорго жана автоунаанын кандай түрлөрүнө акы алынышы керектиги тууралуу нормалар каралууда. ” Мисалы, төрт чийиндүү же андан көп кенен жолдордон өткөн бардык автоунаалардан акы алынышы керек деп сунуштап атабыз. Ал эми Бишкек-Ош сыяктуу эки чийиндүү жолдорго оор жүк ташуучу автоунаалар гана төлөшү керек деп сунуш киргиздик. Азыр тарифтер министрликте талкууланып жатат. Болжолдуу баалары жеңил автоунаалар ар бир чакырымга 60 тыйындын айланасында, ал эми оор жүк ташуучу автоунаалар категориясына жараша эки сомдон он сомго чейин деп эсептелип жатат”, – деди ал.

Учурда бул мыйзам долбоору даярдалып жатат. Жакынкы күндөрү коомчулуктун талкуусуна коюлат. Андан соң парламентке жиберилет. Эгер бул демилге эл өкүлдөрүнөн колдоо тапса, жарым жылда ишке ашып калышы мүмкүн.

«Биз акы алынуучу жолду автоматташтырылган системада иштетүүгө аракет кылып атабыз. Анткени адам кийлигишкенде коррупциялык схемалар көбөйүп жатпайбы. Ошондуктар адамдардын аралашуусу минималдык түрдө болушу керек. Акча төлөп жаткан киши дагы көрүшү керек. Берген акчасы натыйжалуу пайдаланып, жолго коротулуп жатканына ынанышы керек. Мындан сырткары жолдун сапатына, стандартка да көңүл буруп жатабыз. Акы төлөнгөн жол сөзсүз түрдө жакшы каралышы керек, эки чети тосулуп жүргөнгө коопсуз болушу керек», — деп кошумчалады Нурлан Кайынбаев.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: