Menu

Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналган китеп жарык көрдү

Бөлүшүү:

 

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын “Илим” маалымат-басма борборунун директорунун орун басары Сапалкан Арипов автор болуп жана түзгөн “Жоомарт Кадыралиев” деген китеп жарык көрдү. Бул тууралуу КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Китеп Кыргыз эл сүрөтчүсү, III Даражадагы Манас орденинин ээси, Эл аралык ЕСО маданий борборунун алтын медалынын ээси  Жоомарт Кадыралиевдин өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү баян жана кыл чебердин ой-толгоолору менен баарлашуулары жана ал жөнүндө эскерүүлөр, ага арналган макалалар жана ырлары топтолгон, фотосүрөттөр жана иллюстрациялар берилген. Кыргыз элинин патриот уулдарынын биринин жан-дүйнөсүн чагылдырган бул китеп окурмандардын сүймөнчүлүгүнө айланаарына зор ишеним бар. Китеп Жоомарт Кадыралиевдин 70 жылдыгына арналып чыккан.

Китептин бөлүмдөрүнө үңүлсөк:

Теңириге учту, Жоомарттын теги, балалык чагы, жолу, ааламы, арманы, Жоомарт үшкүрүк, андан бөлөк сүрөтчүнүн замандаштарынын эскерүүлөрү, чыгармачылыгына берилген баалар, сүрөттөрүнүн тизмеси жана катышкан көргөзмөлөр улуу сүрөтчүнүн бейнеси келе түшөт.

“Жоомарттын “Бабалар баяны” кылым оошор мезгилдеги Кундуу Сөз. Аны эл сүйөт. Мактайт. Сыртынан кыл  чебердин талантына тан бергендер канча!. Чыгармаларына шыктанып ага арнап ыр жазгандар да бар. Бул балким бел чечпей иштеген чейрек кылымдык мээнеттин акыбетидир. Эл алкышыдыр. Кандай болгондо да жөнү бар. Деги Жоомартка тан беребиз.  Кистисин найзадай кармап шымаланып, оргуп-баргып иштеген бүгүнкү күндүн чоросу сымал Манаска тиш салат, эй! Кудрет күчүн кара. Дымагын айт!  Илебине кар күйөт!” – дейт китептин автору жана түзүүчүсү Сапалкан АРИПОВ китепте сүрөтчү Жоомарт Кадыралиев жөнүндөгү саптарында.

Китептин демөөрчүсү А.Кадыралиева жана “Ж.Кадыралиев” атындагы коомдук фонд.

Рецензенттери: КР УИАсынын мүчө-корреспонденти, техника илимдеринин доктору, профессор Ж.Тентиев жана философия илимдеринин доктору А.Джусупбеков.

Китеп “Улуу тоолор” басмасында 1 000 нуска менен жарык көргөн.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: