Партияны колдогондор гана үгүт иштерин жүргүзүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева активисттер менен болгон талкууда билдирди.
«Жакында талапкерлердин бири 12 миң агитатор жалдап, 20 миң сом төлөгөндүгүн мойнуна алды, бул 200-300 млн сомдон ашык. Партиянын шайлоо фонду 111 миллион сом болгонуна карабастан», – деди Журабаева.
Ал агитатордун статусун аныктоо керектигин белгиледи. «Агитаторлорго эмгек акы төлөөгө тыюу салса болот. Ал эми төлөм кайра өндүрүлүп берилсе, анда ал сатып алуу катары эсептелет. Партияны колдогондор гана үгүт иштерин жүргүзүшү керек», – деди Журабаева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ