Menu

Санариптик берүү менен камтылбаган айылдарга алгачкы 9 санариптик телекөрсөтүү ретрансляторлорунун орнотуу башталды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү Программасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Ош, Чүй жана Ысык-Көл облусутарындагы айылдарга орнотуу үчүн алгачкы 9 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлор орнотулат баштады. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду этабы менен орнотуу санариптик берүүгө кошулуп жаткан 326 айылдагы калктын 5% камсыз кылат. Азыркы тапта «радио жыштыгы жетпеген зонадагы» айылдардагы жергиликтүү эл санариптик телерадиоберүү менен камсыз болушту.

«Телевидения жана радиоберүү радиорелейдик магистралынын республикалык өндүрүш бирикмеси» ААК тарабынан көрсөтүлгөн 326 айылга санариптик телеберүүнү жеткирүүдө, 227 айылды толук  камсыздай турган 211 санариптик атвоматтык телевизиондук реттрансляторлор орнотулат. Айылда жүздөн ашпаган эли бар, калган 99 айыл социалдык пакеттеги телеканалдарды көрүү үчүн EUTELSAT спутникалык индивидуалдук кабыл алуучу жабдуу (диаметри 90 см болгон спутникалык антенна) аркылуу кошулат.

Учурда социалдык пакетке кирген 12 телеканалды спутник аркылуу алып көрсөтүү башталды. Аны Кыргыз Республикасынын жарандары гана эмес, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашаган 14 мамлекеттеги мекендештер да көрө алышат.

Санариптик телеберүү менен камтылбаган 326 айылга Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан түзүлгөн пландын алкагында этабы менен санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Планга ылайык биринчи 65 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу иштери 20176-жылдын апрель-май айларында жүргүзүлөт, андан кийинки 75 санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотуу 2017-жылдын июнь-июль айларында башталат. Калган 71 даана санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлор 2017-жылдын август-сентябрь айларында орнотулат.

Белгилей кетсек, 326 айылдагы аналогдук берүү 2017-жылдын 15-майынан кийин да сакталат. Аталган айылдарда аналогдук берүүлөр санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча жабдуулар орнотулгандан кийин гана өчүрүлөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: