КР БШКнын 15-декабрдагы жыйынында “Ата-Мекен” саясий партиясынан КР Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Гаипкулов Искендер Төрөбаевичке берүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Бул туурасында КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү маалымдады.
Эсиңиздерге сала кетсек, Гаипкулов “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев соттолуп кеткенден кийин бошогон анын ордуна келди.
2015-жылдагы парламенттик шайлоодо бозгундагы саясатчы Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясы өздөрү шайлоого катышпай, Текебаевдин “Ата-Мекен” партиясын колдоп, Искендер Гаипкулов баштаган 30дай кишини “Ата-Мекендин” тизмесине киргизген. Алардын ичинен биринчи болуп эми Искендер Гаипкулов депутаттык мандат алды.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ