Балыкчы шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Бейшенбек Курамаевдин буга дейре кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу эки ирет жазган арызын эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова канааттандырбай жатканы неси? Түзүк иштеп жаткан жеринен кызматтан кетүү боюнча арыз жазса го мейли, анысына министр айымдын кол койбой жатка-ын түшүнөт элек. А бирок, буга дейре ишинде каржылык мыйзам бузууларга жол берип, айрым убакта жумушка чыкпай койгон жергиликтүү эчендиктин арызын министр кабыл албай жатканында кандай сыр бар? Же түбү атбашылык экөө тең жердешчилик сезимге алдырышып, бири-бирин калкалап жатышкан кербездериби? Мунусу чын болсо, иштин кызыкчылыгын артка танштаган булар – жердешчиликтин араанына берилишсе уят го?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ