Украинанын президенти Владимир Зеленский Тегеранда кулаган учакка байланыштуу бүгүн, 9-январь – Украинада аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу “РИА Новости” жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, бүгүн Украинада мамлекеттик желеги түшүрүлүп, көңүл ачуучу иш-чаралар болбойт.
Эске сала кетсек, кечээ, 8-январда Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан учак көтөрүлгөндө кулап, анын ичиндеги жүргүнчүнүн баары мерт кеткени кабарланган. Ошол замат Украинанын президенти В.Зеленский каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, кырсыктын себебин жана каза болгондордун тизмеси такталып жатканын билдирген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ