Акыйкатчы Токон Мамытов Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго байланыштуу болгон окуя ИИМ жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, дыкат иликтениши керек деп эсептейт. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы кечээ, 9-январь күнү маалымдады.
Анын айтымында, ММК өкүлдөрү, өзгөчө эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кийинки он жылдыкта тобокелдикке дуушар болуп жатышат.
“Бүгүнкү коомдо массалык маалымат каражаттарынын ролу ушунчалык жогору болгондуктан, аларды көп учурда “төртүнчү бийлик” деп аташканы бекеринен эмес. Бирок, ушул “төртүнчү бийликтин” өкүлдөрү коркунучтарга кептелүүдө.
Чоң суммадагы доо коюлган соттук териштирүүлөр, коркутуп-үркүтүү же уруп-сабоо фактылары катталган учурлар болуп атат”-деп айтылат билдирүүдө.
Эсиңиздерге сала кетсек, 8-январь күнү Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде белгисиз адамдар ур-тепкиге алышып, уюлдук телефонун алып качып кетишкен. Бул кылмышты ИИМдин жектекчилиги өз көзөмөлүнө алган.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ