Урматтуу кыргызстандыктар! Биринчи май райондук сотунда Ө.Текебаевдин соту болууда. Сотто Мамлекеттик айыптоочу болуп Башкы прокуратуранын прокурору Абдышев деген катышып жатат! Жети-Өгүз районунда прокурор болуп иштеген. Бакиевдин убагында элди кордоп, укугун бузуп, приказды түздөн-түз аткарып жүргөн адам эле. 7-апрелде Жети-Өгүз районунда жөө келе жаткан элди тосуп, “алгыла, камагыла” деп, милиция өкүлдөрү менен өзү кошо сабаган, аялдарды да башка коюп, тепкен (видео материал бар), сүйрөп милициянын машинасына салган адам эми Ө.Текебаевди мамлекеттик каралоочу болуп жатат! Бул Абдышев 2009-жылы президенттик шайлоодо Барскоонго келген А.Атамбаевди сүйлөттүрбөөгө, эл менен жолугуштурбоо үчүн жаш балдар менен конфликтке барып, сөгүнүп, согушканга чейин барып, Атамбевдин машинасын койдурбай, кыянаттык кылган эле. Эми ушул адамга бийлик муктажбы?! Кимдер келген! Революция кылып, балдар эмнеге каза болгон, кимдерди кубаладык эле, алар кайра келип бийликте отурушат! Бакиев эле калган го келе элек!
Булак: “Алиби”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ