Menu

Сооронбай Жээнбеков Бурана дарыясынын тазалоо иштеринин жүрүшү жана Чүй облусунун Арпатектир айылындагы жер титирөөнүн кесепеттери менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда, жумушчу сапарында Чүй облусунун Чүй районундагы Арпатектир айылындагы жер титирөөнүн кесепеттери жана Жаңы-Жол айылындагы Бурана дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдагандай, мөңгүлөрдүн эрүүсү менен Бурана дарыясынын көлөмү көбөйүүдө, суунун деңгээлинин көтөрүлүүсүнө улам 3000гектар айдоо жерин суу каптоо жана ал жерде жайгашкан каналга күч келүүдө.

Министр Кубатбек Боронов белгилегендей, 2017-жылдын башынан тартып Бурана дарыясында  төрт ирет тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Кокумбек Таштаналиев маалымдагандай, азыркы учурда тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери менен биргеликте  кырдаалга мониторинг жүргүзүлүп,  аталган багытта зарыл  чаралар көрүлүүдө.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү министрликтер менен ведомстволорго Бурана дарыясына бассейндеги суунун суткалык топтолуусун жөнгө салган,  200 миң м3 көлөмүндө селден сактоочу жай куруу боюнча сунушту киргизүүнү жана кароону тапшырды. Ал белгилегендей, дарыяда тазалоо иштеринин мезгил-мезгили менен жүргүзүлүшү жакынкы аймактарда суу ташкындоосунун ыктымалдыгын азайтат.

Аны менен бирге  Сооронбай Жээнбеков күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдар тууралуу жергиликтүү калкка эскертүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле Премьер-министр Чүй облусунун Чүй районундагы Арпатектир айылында жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган мектептин абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Билим берүү жана илим министри  Гульмира Кудайбердиева маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде орун алган жер титирөөнүн кесепетинен жергиликтүү орто мектептин актылык залынын дубалдарында жарака кеткен.

Аны мене бирге аталган мектеп аз сандагы окуучуга ылайыкталып,  анда болгону  92 окуучу окуйт, спорттук залы жок. Жакынкы мектеп Арпатектир айылынан 5 км аралыкта жайгашкан.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган мектепти үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетинин капиталдык салымдар беренесине кошууну жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жер титирөөнүн жыйынтыгында жабыркаган турак үйлөрдү дыкат иликтеп чыгып, келтирилген чыгашанын категориясын аныктоону тапшырды.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда дагы бир ирет турак үйлөрдү  өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу зарылдыгын эскертти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: