Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 2010-жылдан бери өтө оор кылмыштарга тиешеси бар деп изделип жүргөн шектүүнү колго түшүрүштү. Расмий маалыматтар боюнча, 36 жаштагы “Казак” каймана аты менен таанылган шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана буга чейин бир нече ирет сот жообуна тартылган. Ал Өзгөн районунун тургуну. Учурда Э.К. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал акыркы убактарда Россия Федерациясындагы кылмыштуу топтор менен биргеликте кылмыштуу иштерге аралашып жүргөнү да маалым болду. Тергөө иштери уланып жатат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ