Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов маданият тармагындагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууга жаңыча көз караш керек деген пикирин айтты. Ал бул туурасында сыйлык маселесине байланышкан жыйында: “Мамлекеттик сыйлыктарды аткаруучулардан мурда, жаратуучуларга ыйгаруу зарыл. Жер-жерлердеги китепкана, музей, музыкалык окуу жайлардын кызматкерлери, ошондой эле кол өнөрчүлөр, комуз чапкан усталар, зергерлер унутта калып жатат”,- деп билдирди. Ырасында, министрдин бул айткандарында данек бар. Анткени акыркы убактарда коомчулук мамлекеттик сыйлыктар көп санда жана татыктуу эмес адамдарга берилип жатканын сындап келет. Белгилей кетсек, Курманбек Бакиевдин убагында (2005-2010) 3453, Алмазбек Атамбаев башкарган жылдары (2012-2017) 1307 мамлекеттик сыйлык берилген.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ