Сауд Арабиясынын бийлиги Мекке жана Медина шаарларындагы исламдын ыйык жерлерине жыл сайын өткөрүлүүчү ажылык зыяратына катышууга падышалыкта жүргөн мусулмандарга гана уруксат берди. Ал эми чет өлкөлөрдөн келген зыяратчылар коронавирустун айынан быйылкы ажылыкка катыша алышпайт. Бул тууралуу РИА Новости Сауд Арабиянын Ажылык жана Умра министрлиги дүйшөмбү күнү тараткан билдирүүгө таянып жазып чыкты.
“Коронавирустук пандемия жана бул вирус көпчүлүккө коркунуч туудургандыктан, мусулман календары боюнча 1441-жылдагы ажылык (христиан календары боюнча 2020) өлкөнүн аймагында жүргөн ар кандай улуттардын чектелген сандагы ажыларынын катышуусу менен өткөрүлөт” – деп айтылат министрликтин бидирүүсүндө.
Мусулмандар үчүн ыйык жай жайгашкан Меккенин аймагында коронавирустун көп жуккандыгына байланыштуу ал жерде дагы деле эркин жүрүүгө тыюу салынган.
Сауд Арабиясында 161 миңден ашык коронавирустук инфекциянын учурлары катталган, муну менен ал араб өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунда турат. Бир нече жумадан бери Сауд Арабияда күнүнө 3 миңден кем эмес жаңы учурлар катталып жатат. Пандемия башталгандан бери 1 307 каза болуп, 105 миңден ашыгы айыкты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ