Menu

Фото – Дайындалган судьялар ант беришти

Бөлүшүү:

Бүгүн,   2018-жылдын 20-мартында  Кыргыз Республикасынын Жогорку  сотунун Төрайымы Айнаш  Токбаева жана Жогорку соттун   судьяларынын катышуусунда Кыргыз  Республикасынын  Президентинин 2018- жылдын 22-январындагы № 8 Жарлыгы  жана 2018-жылдын  17-мартындагы    № 59-Жарлыгы  менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары дайындалып, Кыргыз Республикасынын  Президентинин №9 жана № 60-Жарлыктары менен судьянын ыйгарым укуктарын  жүргүзүү үчүн  Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү сотторунун судьялары Азамат Абдраимов, Абдимиталип Абылакимов жана Шаршенбек Камбаров салтанаттуу ант беришти.

Мындан тышкары Бишкек шардык сотунун судьялыгына  дайындалган Ирина  Горшковская  дагы салтанаттуу ант берди.

Белгилүү  болгондой, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын  статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Конституциялык  Мыйзамынын 5-беренесине  ылайык, Кыргыз  Республикасынын дайындалган  судьялары ыйгарым укуктарын  жүзөгө ашырышы  ант  берген  күндөн  тартып башталат.

Салтанаттуу  жыйында Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  Төрайымы Айнаш Токбаева  Бишкек шаардык сотуна жана Жалал-Абад облустук сотуна дайындалган судьялар, тандоону өтүп, ант берип, судьялык кызматка кайрадан киришип жатканы  менен Жогорку соттун судьяларынын жана  өзүнүн атынан куттуктап, судьялык кызматта албан ийгиликтерди каалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: