Menu

Орусия Тажикстанга 40 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Бөлүшүү:

Орусия президенти Владимир Путиндин Дүйшөмбүгө болчу сапарына эки күн калганда Москва Тажикстандагы табигат кырсыгынан жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөттү. Жүк чатырлардан, жылуу төшөнчүлөрдөн жана башка суук маалда зарыл болгон буюмдардан турат.

Орусия бийлиги Тажикстандагы табият кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү Путин жеке өзү тапшырганын билдирди. Маалыматка караганда, жүк Тажикстандын эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылганына байланыштуу жана 1997-жылы өлкөлөр ортосунда кол коюлган табигат кырсыктарын жоюу тууралуу эки тараптуу макулдашуунун алкагында жөнөтүлдү.

Тажикстанда акыркы бир ай ичинде эле кар көчкүлөрдөн 17 киши мерт болуп, бир канча адам көчкү алдынан куткарылды. Бийлик табигат кырсыгы өлкө экономикасы үчүн материалдык зыян алып келип, ондогон айылдар кар туткунунда калганын билдирүүдө.

Буга чейин Тажикстан ТИМи дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана эл аралык уюмдарга кайрылып, тоолуу аймактарга түшкөн кар көчкүнүн кесепеттерин жоюуга жардам сураган. Өлкө кар тазалоо техникасына, күйүүчү-майлоочу майга, азык-түлүк товарларына, дары-дармекке жана медицина каражаттарына муктаж экени кабарланган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: