Menu

Кеп 9 же 3 процентте эмес… – Кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз элине

Кыргыз Республикасынын Президентине

Улутчул-мекенчил күчтөрдүн Курултайынын чечимдерин Аткаруу комитетинин кайрылуусу

2019-жылдын 22-октябрында Эгемен Кыргызстандын саясатында кыргыз улутунун, мамлекеттин кызыкчылыгынан өздөрүнүн кызыкчылыгын ар дайым жогору коюп келишкен, кыргыз жерлеринин коңшу өлкөлөргө берилишине, кен байлыктарынын чет элдиктерге таланышына, Президенттик жеке башкаруунун орношуна чоң салым кошушкан, ал эми элдин көйгөйлүү, түпкүлүктүү маселелеринде Конституциялык деңгээлде үнүн чыгарышпаган саясатчылар: Ф. Кулов, А. Мадумаров, К. Иманалиев, М. Жээнчороев (Ө. Бабановдун өкүлү), Ө. Текебаев ж.б. А. Атамбаев айткандай “чимкирик” депутат-саясатчылар чогулушуп Жогорку Кеңешке болгон шайлоого өтүү босогосундагы жаңы 9 процент тосмону талкуулашты. Алар негизинен 9 процент тосмого каршы экенин, аны 3 процентке түшүрүү керектигин айтышты.

Бул жыйындын КР Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясында өткөнү жана аны бул Академиянын башчысы мурдагы Бакиевдин губернатору А. Акматалиевдин өткөргөнү таң калыштуу. Улутчул-мекенчил күчтөрдүн Курултайларынын чечимдерине ылайык элдик демилге менен 4 ай мурда мамлекеттик башкаруунун жана шайлоо системасынын түрлөрү, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилиги тууралуу мыйзам долбоору даярдалып тийиштүү кол топтолуп Жогорку Кеңешке тапшырылган, бирок эмнегедир бул маселеге бийлик жана саясатчылар тарабынан тиешелүү маани берилбей жатканы өкүнүчтүү.

2007-жылдын күзүндөгү Бакиевдик референдум менен Конституция жана Шайлоо кодекси бир күндө өзгөртүлүп мурдагы Жогорку Кеңешке болгон бир мандаттуу шайлоо системасы жоюлуп, анын ордуна 100 процент партиялык тизме менен шайлоо системасы киргизилген. Жыйынтыгы Бакиевдер каалагандай чыгарылып, ошол замат Жогорку Кеңеш таркатылып, жаңы шайлоо дайындалып, шайлоодо Бакиевдик үй-бүлөлүк “Ак жол” партиясы жеңүүчү болуп табылган. Кесепетинде “Ак жолдук” парламент 2 жылдын ичинде мурдагы Жогорку Кеңештер өткөрбөй келе жаткан Каркыра, Көк-Сай, Маймак, Токмоктун тушундагы 800 метр айлампа жол тилкеси, Ысык-Көл жээгиндеги 5 пансионат Н. Назарбаевге (Казакстанга) берилсе, кылымдын коррупциясына айланган Кумтөр “Центеррага” жылчыксыз, кынтыксыз эл аралык укуктар менен бекемделип, өзүбүздүн Конституциялык сот жана эл аралык соттор менен кепилденип “түбөлүк” өткөрүлүп берилген.

2010-жылдын апрель Элдик революциясынан кийин Убактылуу Өкмөттүн Конституция боюнча жооптуусу Ө. Текебаев өз кызыкчылыгын көздөп мурдагы “Акжолдун” ордуна Ата-Мекен партиясы 65 процент добуш алып келет деп мелжеп, Бакиевдик 100 процент партиялык тизмени сактап калган.

Андан бери Жогорку Кеңешке 100 процент партиялык тизме менен 2 жолу шайлоо өтүп (2010-ж., 2015-ж.), кесепетинде эл өкүлчүлүгү болгон Жогорку Кеңеш Президент уруксат берген партиялардын өкүлчүлүктүү органына айланып, кайрадан Президенттик жеке башкаруу орноп, А. Атамбаев өлкөнү кандай башкарганы элибиз, мамлекетибиз кандай жоготууларга учураганын азыркы бийлик өзү чыгарып жатат. Башкасын айтпаганда да Батукаевдин узатылышы, “Кыргызгаздын” 1 долларга сатылышы, Бишкек ЖЭБи, Камбар-Ата ГЭСтериндеги махинациялар, Жер-Үйдүн берилиши, Кумтөрдүн чечилбегени, чек аралардагы чыр-чатактар, жасалма, буйрутма, саясий-куугунтук менен токулган кылмыш иштер, улутташтырылган объектилердин, жерлердин кайра таланышына биз айткан 100 процент тизме менен шайланышкан Жогорку Кеңештин түздөн-түз тиешеси бар. Ошол 2007-жылдан бери Жогорку Кеңеш Конституциялык өз ыйгарым укуктарын аткарбай Президенттик анын айланасындагылардын айтканындай гана иштерди аткарып, эл өкүлчүлүгү болгон Жогорку Кеңешти улам жаңы келген Президенттердин, анын жакындарынын ишин аткарышкан партиялык клубка айландырышты.

Партиялык тизмеге өңчөй бай бизнесмендер киргизилип мамлекетибизде саясат менен бизнес, бизнесмен менен мамлекеттик кызматчы бирикти, “Пулуң болсо кулуңмун” – деген заман орноду, улам “Келген Президенттерге, анын жакындарына кызмат кылам” – деген депутат сойкулар көбөйдү.

2016-жылдан бери Улутчул-мекенчил күчтөр өз бирикмесин түзүп (ТЭК) улуттун кызыкчылыгы, мамлекеттин көз карандысыздыгы, кен-байлыктарды элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүү, мамлекеттик бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылуу, Президенттик мыйзамсыз жеке бийликке жол бербөө максатында Конституциянын алкагында бир нече Курултай, жыйын, конференция өткөрдү. Чечимдерин Конституциянын талабына ылайык сунуш катары тийиштүү мамлекеттик бийлик бутактарына жиберди. Ушундай элдин турмушуна, мамлекеттин саясий системасына дегеле келечекке байланыштуу маселелерде кечээги талкуудагы “саясий өзүмчүлдөр” жана “саясий сойкулар”, Курултай, конференцияларга келип кечээгидей ой пикирлерин айтмак тургай, үнүн да чыгарышкан эмес. Алар адаттарынча шайлоо алдында үн чыгарышат жана аракеттенишет.

2018-жылдын 24-ноябрында Улутчул-мекенчил күчтөрдүн Курултайы өткөрүлүп, Курултайда жогоруда аталган маселелер ишке ашыруу боюнча Аткаруу Комитети түзүлүп бир жылдан бери расмий бийлик менен конструктивдүү негизде иш жүргүзүп келет.

Эгерде Кулов, Мадумаров, Текебаев, Бабановдор – шайлоо босогосун 3 процентке түшүрүп Жогорку Кеңешке келүүнү эңсешсе, биз, – Улутчул-мекенчил күчтөр – тескерисинче, Жогорку Кеңешке болгон шайлоону азыркы Конституциянын 2-беренесинин талаптарына ылайык ар бир депутат элдин элегинен жалпы тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен тандалышын талап кылабыз жана бул Конституциялык жобонун, ушул эле Конституциянын 70-беренесинде “пропорциалдуу система менен 100 процент (партиялык тизме)” -деп бурмаланышына же анын оңдолбой келе жатканына бийликтин көңүл бурушун өтүнөбүз.

Урматтуу Президент Сооронбай Шарипович, жана Жогорку Кеңештин депутаттары, эгерде сиздер мурдагы Президенттердин кетирген кемчиликтерин оңдойбуз, каталарын кайталабайбыз десеңер жогоруда айтылган Конституциянын 2-беренесиндеги шайлоо системасын калыбына келтирүүгө милдеттүүсүңөр, ошондо жок дегенде шайлоо алдында бир жолу тарыхый саясий иш кылган болосуңар, Мындан сырткары Жогорку Кеңештин кароосуна элдик демилге менен 4 ай мурда ушул маселеге байланыштуу мыйзам долбоору киргизилген. Анда шайлоо системасын, башкаруунун түрүн, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин, Эгемендиктин ээси бийликтин бирден бир булагы болгон жалпы элдин тандоосуна кою сунушу камтылган. Эмне үчүн биз мурдагыдай эле ушундай маселелерди Президенттин же башка саясий тар чөйрө менен чечишибиз керек? Бул жол Акаевден берки бардык Президенттердин жолу болуп келген.

Ал эми шайлоо босогосун 3 процент түшүрүүнү эңсегендерди биз эл алдында дебатка чакырабыз. 2019-жылдын 24-ноябрына пландаштырылып жаткан Элдик Курултайга келгиле. Силер кечээ талкуулаган жана башкаруунун, шайлоо системасынын түрлөрү, Президенттик жеке башкаруу, чек ара, коррупция, кен-байлыктар, Конституциялык баш аламандык жана башка маселелерде, сиздердин да ар бириңердин чоң-чоң салымыңар бар, азыр да айрымдарыңардын партияңар бийликте жүрүшөт. Келгиле талашыбызды Курултайда элге чыгаралы, эл чечсин…

Курултайдын чечимдерин Аткаруу Комитети

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: