Бүгүн, 18-апрелде ыктыярдуу врачтардын 2 бригадасы Нарын облусундагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ат-Башы жана Жумгал райондоруна жөнөп кетишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жугуштуу оорулар боюнча адис, эпидемиолог, педиатр, кардиолог жана травматологдордон түзүлгөн ыктыярчы дарыгерлердин топтору коронавирус менен байланышкан кырдаал турукташмайынча региондордогу кесиптештерине колдоо көрсөтүшөт.
“Ар бир медицина кызматкери керектүү жеке коргонуу шаймандары менен камсыздалган. Ошондой эле алар коргоочу костюмдарды, бет каптарды, кол каптар жана башка медициналык буюмдарды чогуу ала кетишти” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ