Жолдошбек Көлбаев 17-декабрда Бишкекте өткөн отчеттук шайлоо конференциясында Кыргызстандын дзюдо федерациясынын президенти болуп кайрадан шайланды.
Дзюдо федерациясынан билдиришкендей, ал бул кызматка жалгыз талапкер болуп, делегаттар Көлбаевди бир добуштан колдошту. Конференцияга федерациянын өкүлдөрүнөн жана машыктыруучуларынан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов, Дастан Жумабеков, Байгазы Кенжебаев, Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкулов, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Жоомарт Шамканов жана башкалар катышты.
Жолдошбек Көлбаев шайлоо алдында аткарылган иштери жөнүндө отчет берип, ошондой эле федерациянын 2021-жылга карата пландары менен бөлүштү.
Анын айтымында, 2021-жылы апрелде Кыргызстанда чоңдор арасында Азия жана Океания чемпионаты өтөт. Ошондой эле, Көлбаев аянты 3,7 миң чарчы метр болгон Бишкектеги Дзюдо академиясынын долбоорун сунуштады. Анын курулушу ушул жылы башталган.
“Биз Кыргызстандын бардык жерлеринде таланттуу балдарды издеп, аларга сабак өтөбүз. Балдар үчүн бардык шарттар түзүлөт”, – деп кошумчалады ал.
Шайлоодон кийин федерациянын президенти бардык делегаттарга ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн жана дзюдонун кызыкчылыктарын коргоо ал үчүн чоң сыймык экендигин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ