Кечээ, 27-июнда Татарстандын борбору Казан шаарында кыргыз мушкери Дастан Шаршеев россиялык мушкер Антон Калининге каршы атайын расмий белгиленген TNA эрежелери боюнча реванштык мушташка чыгып, жеңишке жетти. Бул тууралу мелдештин сайтында жарыяланды.
Каратэ жана кикбоксингдин эрежелерин пайдаланган (TNA) мушташ учурунда Дастан Шаршеев өзүн өтө эркин жана жеңил алып жүрүп, атаандашына үстөмдүк кылып турду.
Эсиңиздерге сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде ошол эле Казан шаарында өткөн мелдеште Дастан Шаршеев менен Антон Калинин мушташка чыгышып, калыстар тобу жеңишти Антон Калининге берип койгон. Буга Дастан Шаршеев нааразычылык көрсөтүп, рингден кетпей уюштуруучулардын айласын кетирген. Ошол талаштан кийин калыстар Дастан Шаршеевге реванштык беттешүү сунуш кылып, кечээ Дастан өзүнүн күчтүүлүгүн далилдеди.
Төмөндө апрель айындагы талаштуу мелдештен көрүнүштөр:
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео: TAT ARENA
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ