Menu

Адил Турдукулов, “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин төрагасы: “Канатбек Исаев акыры акталып чыгат, мен буга ишенем”

Бөлүшүү:

Ошентип, буга чейин коррупция боюнча айыпталып келген парламент депутаты Канатбек Исаев 4-январь күнү сот аны сааттын жебеси түнкү 12ни чамалаганына карабастан 12 жылдык жаза мөөнөт ыйгарып, мойнундагы жазасын күчөтүлгөн режимдеги жайдан өтөөгө өкүм чыгарды. Муну менен эле чектелбей, судья өзүнүн алсыз чечими менен Исаевди үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салды. Коомчулук эл өкүлүнө карата чыккан чечим саясый негизде токулганын бир ооздон белгилешүүдө. Барган сайын көпчүлүк катмар Канатбек Исаевге карата “ойдон токулган” иштин жалган экенине ынангандыктарын төмөндөгү пикирлерден эле толук билүүгө болот.

— Бүгүн “парламентте реалдуу оппозиция жок” деп таңгалгандарга мен түшүнбөйм. Сот тарабынан оор жаза менен камакка алынган Канатбек Исаев айтылуу Өмүрбек Текебаев менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабановду колдоп койду эле, дароо ага кылмыш ишин козгошуп, 12 жылга кесип жиберишти. Мунун баары президент Атамбаев (Жээнбековду) мүмкүн болчу саясый оппоненттерине жана көз каранды эмес ЖМКларга карата башкы прокуратура, УКМК сыяктуу коркутуу рычагдары бар экендигинен улам болуп жатат. Алар көзөмөл алдында болуп турган мезгилде биздин өлкөдө эч кандай парламенттик демократия жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Прокуратура, УКМК мындан ары да президенттин колунда боло берсе, куугунтук улана берет, парламентте баш көтөргөн оппозиция болушу да мүмкүн эмес. Канатбек Исаевге карата өкүм угузулуп, анын тагдыры сот тарабынан таразага коюлуп жатканда мен ошол жерде болдум. Кыйын эле экен. Мындан соң мага ушул жерден бир ой келди: элдин уулу Канатбек Исаев акыры акталып чыгат, мен буга ишенем. Ал эми адам тагдырын каалагандай калчап, ага карата өкүм чыгарган тиги сот акыры түбү люстрацияланат.

Булак: Азия Ньюс

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: