Бүгүн, 6-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 328 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 122, Ош шаарынан – 11, Чүй облусунан – 87, Ош облусунан – 12, Талас облусунан – 12, Ысык-Көл облусунан – 48, Жалал-Абад облусунан – 13, Баткен облусунан – 17, Нарын облусунан – 6 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 74 973 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 455 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 66 993гө жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 109, Ош шаарынан – 11, Чүй облусунан – 110, Ош облусунан – 29, Ысык-Көл облусунан – 42, Жалал-Абад облусунан – 86, Баткен облусунан – 44, Нарын облусунан – 17, Талас облусунан – 7.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 5 адам каза тапты. Жалпы саны 1295ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ