Menu

Келдибеков элден чыгып, жулкунуп атып бирди көрөбү?..

Бөлүшүү:

Керек болсо Ахматбек Келдибековду уулунун өкүл атасы Райым Матраимов да сыйлабайт, жолукпайт. Сүйлөшсө да далысын салып мамиле кылат. Анан бул «шумпай» Райымга кошомат кылып аз келгенсип, президент Жээнековду журт атасы катары мактап чыкты. Убагында Иса Өмүркулов да Алмазбек Атамбаевди ошентип айга-күнгө теңеген. Жыйынтыгында, баары тетирисинен кетти. ПрезидентЖээнбеков болсо Ташиевди кабыл алганда да айткан, «Келдибековду жолотпогула» деп. Себеби, Ахмат спикер кезинде Ошко барып, Сокеге «жылкы сой, мен чучук, казы-карта жешим керек» деп кыйнады беле? Бул жагы аңыз кеп катары айтылууда. Жакында эле «Майдан» гезитинин редактору Нургазы Анаркулов «Келдибековду урдум, мен аны менен иштешпейм!» деп столду бир муштап, ымандай сырын журналисттерге төктү. Айтор, Ахматты баары эле жерип атышат. Баса, убагында Азиз Турсунбаев тай сойгон… Үйүнө Абдрейим Кулбаев, Улугбек Ормонов, Мелис Мырзакматов, Искендер Гаипкулов, Токтосун Мадияров, Мавлян Амракунов, Арслан Койчиев, Уран Ботобеков, Аслан Сартбаев ж.б. сыйлуу коноктор барышып, семиз тайды жешип, жамбаштай жата кетишет. Ошондо Мелис Мырзакматов какшыктай сүйлөп, Келдибековду кыйла эле мазактаган. Береги адамдар карап отурушкан… Анысы ал, белгилүү журналист, түрколог Манас Осмондун күйгөнүндөй эле бар, Ахмат аны «сыздатып» кетиптир, азыр экөө бет карашпайт экен. Мына ушундай фактылар болуп атса, Келдибеков шедиреңдеп, бийликке кошомат кылып, өткөн чагын кескелдириктей кесе салып, алдыга умтула берсе болобу? «Эй, акмак, тек тур!» деп айта турган адам жок болуп атабы?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: