Menu

Наманганда «Дамас» кичи автобустарынын миңдеген айдоочусу жумушсуз калды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Наманган облусунда «Дамас» үлгүсүндөгү кичиавтобустардын айдоочулары иштөөгө уруксат берүү өтүнүчү менен өкмөткө видеокайрылуу жасашты.

Алардын айтымында, облус аймагында коомдук транспорттун ишине киргизилген чектөөлөр толук алынганына карабастан, жергиликтүү бийлик «Дамас» автоунаалары менен жүргүнчү ташыгандарга уруксат бербей жатат.

«Мартта киргизилген чектөөлөрдөн улам беш айдан бери иштебей отурдук. Азыр облус боюнча «Дамас» айдаган 10 миңге жакын киши жумушсуз отурат. Бул унааларды GM Uzbekitan автосалондорунан 50-60 (4900-5900 доллар) миллион сумдан сатып алганбыз. Болбой эле каттамга чыккан айдоочуларга айып пул салып жатышат», — деп билдиришти алар видеокайрылууда.

Айдоочулардын айтымында, жергиликтүү бийлик коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды шылтоолоп, облус аймагында «Дамас» үлгүсүндөгү транспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салган. Ошол эле маалда автобустар менен башка үлгүдөгү кичи автобустардын ишине эч кандай чектөөлөр киргизилген эмес.

«Автобустар менен кичи автобустар иштеп жатышат. Бизге уруксат берилген жок, эрежеге баш ийбегендерге 4,5 миллион сум (450 долларга жакын) өлчөмүндө айып пул салып жатышат. Баарыбыздын колубузда лицензия бар, бирок эч ким укпай жатат. Үй-бүлөбүздү кантип багабыз? Бийлик анда айына 3 миллион сумдан төлөгөн башка жумуш таап берсин. «Дамастарды» таштап, ошол жакка баралы. Аларды сатып алуу үчүн Орусияда 10 жылдап иштеп келгенбиз. Эми ал автоунааларды эмне кылабыз?», – деп билдиришти айдоочулар.

Наманган облусунун бийлиги буга чейин да аймакта «Дамас» автоунааларынын жүрүүсүнө тыюу салууга аракет кылган.

2017-жылы бул үлгүдөгү кичи автобустардын Наманган шаарынын аймагында жүрүүсүнө чектөө киргизип, айдоочуларга ири өлчөмдө айып пулдар салына баштаган. Анда облустук транспорт башкармалыгынын башчысы бул чечимин «мезгилдин талабы» менен түшүндүрүп, айдоочулар «Дамастарды» автобустарга же башка кичи автобустарга алмаштырып иштесе болорун айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: