– Илим мырза, Чынар Капарова Жогорку соттон сени утуп алганы тууралуу маалымат тарады, кандай кабыл алдың?
– Капарова менен жамандыгым дагы, жакшылыгым дагы жок. Баардык кол алдымдагы кызматкерлерге бирдей мамиле кылам. КТРК жетекчилигине келгениме үч жылдан ашты. Бул убакыт ичинде ушу күнгө чейин 157 кызматкер ар кандай себептерден улам кызматынан кетишти. Алардын ичинен он чактысы менин чыгарган чечимиме макул болбостон сотко кайрылып, соттошуп келе жатышат. Бул ар бир мекемеде боло турган кадыресе көрүнүш. Ар бир адам жетекчинин чечимине макул болбосо сотко кайрылууга укуктуу. Бул сапар Жогорку сот Чынар Капарованын пайдасына чечим кабыл алды. Мен соттун чыгарган чечимин сыйлайм. Биз эмне дебейли, кандай деп ойлобойлу, бирок соттун чечими кынтыксыз аткарыларын билдирем. Азырынча чечим колубузга тийе элек, тийер замат толугу менен мыйзам чегинде аткарабыз.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ