Кечээ, 1-июлда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылынан мектепти жаңы эле, быйыл бүткөн кыз “бул турмуштан жададым” деп, каналдагы сууга агып өлүү үчүн боюн таштаган. Анын алдында ал өзү милицияга телефон чалган. Милиция район боюнча кызматкерлерин көтөргөн. Натыйжада каналда агып бараткан кызды ошол эле райондун Халмион поселкасындагы милициялык пунктунун начальниги, капитан Нурланбек Бегалиев куткарып калган. Бул тууралу Кадамжай райондук милициясы билдирет.
Сууга агып өлгүсү келген кыздын ата-энеси Россияга иш издеп кетишкендиктен таэнесинин колунда экендиги белгилүү болду. Милиция кызматкерлери кызды туугандарынын колуна өткөрүп берди.
https://www.youtube.com/watch?v=rR9Z4WPEH7k&feature=youtu.be
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ